Дарыя Fest — бул фестивалды биз 2022-жылдын 6-августунда Аламүдүн дарыясынын жээгинде 5-кичи районунда өткөрдүк.

Мындай иш-чараны биз эмне үчүн даярдадык?

Жээк жолдор — бул сонун жана баалуу шаардык ресурс, бирок муниципалитет ага тийешелүү көңүл бөлбөй келет. Бишкектин жээк жолдору таштандыга толуп, ар түрдүү имараттар курулуп, шаардыктар үчүн ылайыкташтырылган эмес. Ошого карабастан, эл аларды пайдаланат, айрым жерлеринде жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор бар, бирок отургучтар жок, эс алуу үчүн ыңгайсыз.

Фестивалдын маңызы — жөн гана элдин көңүлүн ачуу эмес. Дарыя Fest — ордо калаабыздын жээк жолдорун сактап калуу жана аларды жакшыртууга болгон бишкектикерге (тургундарга, курулуш бизнесине, ишкерлерге, муниципалитетке) жасаган чакырыгыбыз. Бир аз гана каражаттын жардамы менен шаардын мейкиндигине жаңы жашоо берип, аны жаңы маңызга толтуруу оңой экенин фестивалдын меймандары көрө алды.

Фестивалды уюштуруп, бизди колдоп, анын өткөрүүгө жардам берген адамдарга биз ЧОҢ ыраазычылык билдиребиз мындар ары силер биздин эң жакын досубузсуз!

Көптөгөн адамдар жекшембиликке катышып, биздин устаканага келип, программа түзүүгө жардам берип, ага катышып, биздин командага тамак-аш жеткирип, фестиваль өткөн күнү кол кабыш жасап, акчалай жардамын аяган жок ❤❤❤

Биздин шаарыбызда кайдыгерсиз адамдар көп экенин Дарыя Fest көрсөттү! Бул бизди шыктандырып, алдыга умтуулууга күч берди
Видео үстүндө Арсений Мамашев иштеди

Жээк жолундагы отургучтар

Дарыя Festтин башталаар алдында биз жээк жолунда чакан изилдөө жүргүзүп, ал жердеги тургундардан эмне жетишпейт деп сурадык. Баары отургучтар керек дешти. Эки жума бою биз «Красная крышанын» усталары жана ыктыярчылар менен ар түрдүү көчө эмеректерин жасадык. Натыйжада биздин команда шаар тургундары менен бирге 8 отургуч, гамак жана эски дөңгөлөктөрдүн желиминен жасалган эки отургуч орноттук.

Дарыя фест үчүн эки автордук отургуч жасаган эки шаар тургунуна өзгөчө ыраазычылык билдиребиз:

• «Быштак» отургучун жасаткан Айзуура Бакаловага;

• Эки фольклордук отургуч жасаткан Акжибек Бейшебаевага.

Өзгөчө ыраазычылыгыбызды Нуржан Алымканова менен MavixIO билдиребиз — дагы эки отургуч булардын каржылык жардамы менен жасалды.

Көчө эмеректеринин баардыгы Аламүдүн дарыясынын жээгинде, 5-кичи районунда калат, шаар тургундары алардан пайдалансын. Бул биздин шаарга болгон белегибиз. Шаардыктар муну баалап, ал эмерекке аяр мамиле жасап, сактап калат деп ишенебиз :)

Бул эмне үчүн бизге маанилүү?

Мен көптөн бери кароосуз калган жерде коомдук иш-чара өткөрөйүн деп келгем. 5-кичи районундагы жээк жолу — эки эселенген комбо эмес. Ал ордо калаабыздагы жээк жолдорунун арасына көзгө көрүнбөйт, кароосуз калган, ал жерде жада калса электр чоймолору да жок. Бирок ал жер салкын, жашыл, суунун жээги, унаалар жок шаардын ызы-чуусунан жашынып, тынч эс алчу жай. Жергиликтүү тургундар муну баалап, ыңгайсыз болгонуна карабастан, ал жерди активдүү пайдаланышат. Мэрия ошол жерге көңүл буруп, биздин ал жерди өнүктүрүүгө болгон аракетибизди колдоп берет деп ишенем.
Рада Валентина кызы
Peshcom командасы
Урбан-коомчулугунда шаардык дарыяларды өнүктүрүү темасы көптөн бери талкууланып келет. Ал талкуулар иш-аракетке айлануусу өтө маанилүү, ошондуктан биз биринчи кадамыбызды таштап, жээк жолдорун өнүктүрүү канчалык сонун экенин көрсөтө алдык. Азыр шаарыбыз дарыя жана суу каналдарына далысын салып турат, ал эми биз болсо жээк жолдорун өнүктүрсө дейбиз.
Алтынай Ногойбаева
Peshcom командасы
Элге алардын шаарга болгон укугу бар экенин көрсөтүү өтө маанилүү деп эсептейм. Алар шаардын жашоосуна катышып, аны кайрылуулар же тикелей иш-аракеттери аркылуу аны өзгөртө алаарын көрсөтүшүбүз керек. Ошондуктан мен тактикалык жана партизандык урбанизмди жана отургучтарды жактырам, себеби алар шаарда эс алуунун эң туруктуу түрү. Фестиваль убагында ушуларды ишке ашыра алганыбызга абдан кубанам.
Илья Кулешов
Peshcom командасы
Фестиваль өткөн жээк жолу — мен бала кезде ойногон жер. Тилекке каршы, убакыт өткөн сайын анын абалы абдан начарлады. Шаарыбыздын ушундай жерлери өнүксө деп тилейм, андай жерде эс алып, энергияга толосуң. Жок дегенде ушул фестиваль учурунда жээк жолун көрктөндүрүүгө канча адам катышканын көрүп, көңүлүм жибиди.
Алексей Журавлев
Peshcom командасы
Мен Дарыя фестти уюштурууга катыштым, себеби ал Peshcomдун Шаар өзгөрүүлөр мектебинин акыркы интервенциясы эле, буга чейин мектепте жасаганыбыздын баары мага жакчу. Шаар — биздики, жашоочулардын билимин жана өнөрүн пайдаланып, биз аны өзгөртүүгө, жакшыртууга укугубуз бар. Буга ишенүү кыйын, бирок шаарды акырындап өзгөртүү — өтө эффективдүү. Мен үчүн баары жаман, деп ыйлап отургандан көрө колуман келген ишимди жасап, шаарды өзгөртүү аракетин көрүү артык.
Анна Карамурзина
Peshcomдун Шаар өзгөрүүлөрүнүн мектебинин бүтүрүүчүсү
Урбанистикага көптөн бери кызыгып жүрөм, жана Бишкекте Peshcom, ошондой эле анын Шаар өзгөртүүнүн мектеби бар экенине абдан кубанычтамын. Ал мектепте биз интервенцияларды жүргүзчүбүз, бул шаарды өзгөртүүгө багытталган кичинекей кадамдар. Ал эми фестивалга катышканымдын себеби Peshcom командасын жактырам жана алар менен бирге шаарды өзгөртүүгө даярмын. Мен үчүн бул чоң тажрыйба, иш жана баарлашуу болду.
Марьям Гибадулина

Peshcom командасы менен иштөө жана баарлашуу мага абдан жакты, Дарыя фестти уюштуруу иштеринен баш тартуу оюма да келген эмес. Буга чейинки интервенциялардан мен шыктанып, жаңы тажрыйба алдым. Фестивалга катышуу да үзүрлүү болду. Мен мыкты адамдар менен таанышып, ишимди улантууга шык алып, жаңы идеяларга байыдым.
Акылбеков

Мага жакканы, үйдө бекер отурганым жок. Убакыт абдан көңүлдүү өттү. Фестивалга даярданып жатып, бурчту кантип пайдалануу керектигин үйрөндүм, буга чейин боёктор менен да иштеп көргөн эмес элем.
Глеб Пономарев

Башынан эле мен үчүн фестиваль көптөн күткөн иш-чара жана Peshcomдун эң ири интервенциясы болуп саналат, мен алар менен бир жылдан ашуун чалгындап жүрдүм. Peshcomдун жаңы жана эски достору менен бул долбоор абдан жылуу болду. Татаал бирок ошол эле мезгилде көңүлдүү процесс убагында биз ким үчүн жана эмне үчүн муну жасап жатканыбызды унутканыбыз жок. Мен үчүн бул шаардын мейкиндиги жана шарттарында бишкектиктердин талаптарын жана активдүүлүгүн көтөрүү. Көрсө, муну тез, арзан жана сонун кылып жасаса болот турбайбы!
Медина Таласбаева
Peshcom шаардык интервенцияларынын катышуучусу
Фестивалга катышканымдын себеби, жээк жолдорун жаңыртып, күндүп аптабында ал жерде эс алуу кандай сонун экенин көрсөтүү идеясы мага жакты. Командабыз да сонун экен, бул да өз ролун ойноду)) Peshcomдун Шаар өзгөрүүлөрүнүн мектебин бүтүргөндөн кийин, балдар менен шаар үчүн бир нерсе жасайын дедим. Өз кошумчамды кошо алсам, жакшы бир нерсе жасоого жардам берсем дедим :))
Дана Кулушева

Фестиваль жана устакана абдан сонун. Өз колуң менен бир нерсе жасоого мүмкүнчүлүк берди. Мен программист болуп иштейм. Ал эми бул жерде өз колум менен бир нерсе жасадым. Бул жердеги адамдар да мыкты экен, алар менен баарлашуу абдан кызык болду. Алар макет жасап, сонун отургучтарды орнотушту. Биз ушундай отургучтарды жасаганыбыз бул искусство өнөрү жана башкалар үчүн пайдалуу нерсе.
Стас Литвинов
Peshcomдун досу
Фестивалга катышканымдын себеби шаардыктардын колу менен шаарды көрктөндүрүү — бул мыкты идея. Өз колум менен бир нерсе жасап, шаарды жакшыртууга салымымды кошуу мен үчү абдан маанилүү эле. Ушундай ыкма менен мен шаарыма «ырахмат» дегим келди :)
Саша Литвинова
Peshcomдун досу
Мен инклюзивдүү, ыңгайлуу шаарда жашагым келет. Мындай иш-чаралар менин тилегимди орундатууга касалган кичинекей кадамдар. Өз шаарыма жардам берип, иштетилген пластиктен отургуч жасадым, бул мен үчүн мыкты мүмкүнчүлүк болду.
Максат Абдижалил уулу
Peshcomдун шаардык интервенцияларынын катышуучусу
(экопроект Kirpi)
Мен Peshcomдун негиздөөчүсү Раданы көптөн бери тааныйм, анын кандай демилгелери, идеялары бар экенин жакшы билем. Ошондо өз жардамымды берейин дедим. Колуман келген жардамым анимация болду. Долбоор катары интерактивдүу инсталляция жасадым. Жээк жолдорун эс алууга ыңгайлуу кылып жасоо керек деп ойлойм.
Михаил Лебедев
аниматор
(Cool Animation Studio)
Жээк жолдору жакын жашаган адамдар үчүн ыңгайлуу болушу керек бул таза аба, сейилдөөлөр, активдүүлүк жана коопсуздук, шаардыктардын жашоо сапатын жогорулатат. Ал жерде музикант, сүрөтчүлөр, бир нерсе жараткысы келгендер үчүн ыңгайлуу инфраструктура түзүлсө мыкты болмок. Көптөгөн сүрөтчүлөр жана музыка сүйүүчүлөр фестиваль өткөн жердей аймакты көптөн бери краштырып жүрдүк эле, бирок ошондой нерсени жасаганга эч ким чыгынбайт экен.
Айдай Эркебаева
DJ
(Synergy квир-рейв платформасы)
Мыкты демилгелерди сыйлайм. Шаарыма ушундай кайдыгер карабаган адамдар көп болсун деп каалайм!
Мисс Наталия
балдар оюндары боюнча уста
Биз жаштар командасыбыз, шаарыбызды сүйөбүз, аны эмоцияларга толтургубуз келет. Коомдук аймактар, ошондой эле жээк жолдору шаардыктар үчүн өтө маанилүү, өзгөчө жаштар үчүн. Бишкеке унаа жана бизнестин шаарына алйанып бара жатканы бизди тынчсыздандырат. Мындай шарттарда тургундар мисалы үстөл оюндары менен алектене турган жайлар өтө эле аз. Коомдук аймак катары жээк жолдору үстөл оюундары менен алектенүүгө абдан ыңгайлуу.
Данил
үстөл оюндары боюнча уста
(ОюнTeam)
Фестиваль жээк жолдорун жакшыртууга багытталган мыкты идея! Азыр Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын жээктери таштандыга толгон, эл аны көрүп, ошол аймактарды баалабайт. Бир аз аракет кылса, ал жерлерди эс алуучу мыкты жайга айландырса болот эле, ал жерге келип, түштөнүп, Го, шахмат же башка оюндарын ойносо болот эле.
Семетей Баратбаев
Го оюнчусу (КРдеги Го федерациясы)
«Комьюнити» адамдардын башын даамдуу азыктар менен гана кошпойт, биз маанилүү иштерди да бүтүрөбүз. Биз Бишкекти жана шаарлыктарды сүйөбүз. Ошондуктан шаарыбызды көрктүү, инклюзивдүү, жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болсо дейбиз :)
Эльдана Сатыбалдиева
блогер
(«Комьюнити» кафеси).
Биз фестивалды өз чыгармачылыгыбыз менен колдодук, себеби шаардык мейкиндиктерди өнүктүрүү абдан маанилүү деп эсептейбиз. Ири шаарлардын көбүндө жээк жолдору шаарлыктардын эс алуусу үчүн жасалган, бизде да ошоной жайлар пайда болсо жакшы болот эле.
Виктор Цой
граффити-сүрөтчү
(Basicolors)
Улуттук оюндар, курама жана спортту түрлөрү өнүгүүсүн каалайбыз! Биз мастер-класстарды өткөрүп, эл арасында таркатабыз. Адамдар жакшы нерселерди жасаганы мага жагат. Дарыя фест сыяктуу иш-чаралар аркылуу коомчулукка оң таасир тийгизишибиз керек.
Бактыбек
улуттук оюндар боюнча уста
(Курама)
Катышуубуздун себеби, бир дагы фестиваль рок-музыкасыз өтпөшү керек. Эс алуу инфраструктурасы көйгөйү курч турат. музыка аркылуу биз элди бул маселени чечүүгө чакырдык. Кароосуз калган имараттар, жээк жолдору ар түрдүу иш-чараларды өткөрүү үчүн ыңгайлуу жай болуп бере алат. Шаардыктардын жашоосун жакшыртууга өз салымыбызды кошконубузга абдан кубанычтабыз.
Евгений
музыкант
(JohnRock | «Знак Согласия»)
Мен Шотландиядан келген жыгач устасымын. Peshcom уюштурган иш-чара жөнүндө угуп, катышайын дедим. Фестивалдын миссиясы тууралуу маалыматым жок эле, бирок досум мени чакырып, отургуч жасоого жардам берейин дедим бул иш мага абдан жакты. Устаканадагылар менен иштөө да жакты.
Jonah
ыктыярчы
Фестивалга катышканымдын себеби, эко-бактарыбызды тестирлейли дегенбиз, аларды мектептин жанына орноттук. Тилекке каршы, оюбуз ишке ашпай калды, ошондо мен фестивалга кандай гана болбосун, жардам берейин дедим. Мен үчүн бул маанилүү, себеби шаарыбызда мыкты жайлар абдан көп, мисалы жээк жолдору, бирок бийлик аларга көңүл бөлбөйт, өнүктүрбөйт.
Нагима Темирбекова
ыктыярчы
Мен 6-кичи районунда, жээк жолунун жанында жашайм. Аламүдүн суусунун жээгинде бала чагым өттү. Суунун шаркырашы мени өзүнө тартып турат. Убакыт өткөн сайын жээкке тамдар курулуп, сейилдөөчү жайлар азайды. Шаардагы жээк жолдору эс алуучу уникалдуу жайга айланса дейм. Фестивалга жардам берип жатып, жээк жолдорунун өнүгүүсүнө өз салымымды кошойун дедим. Дарыя фест жээк жолдорунун өнүгүүсүнө жаңы дем берет деп ишенем.
Дима Переяславский
эколог
(«Арча» демилгеси)
Фейсбуктагы Peshcom баракчасынан отургуч жасоо жөнүндө маалыматты көрүп, катышуу үчүн табыштамамды жөнөттүм. Анан устаканага келип, отургуч жасоого жардам бердим, жекшембиликке катыштым, ошондо ИНТЕРВЕНЦИЯ менин темам экенин түшүндүм. Ар бир арт-интервенция мага жакын экен. Чогу иштегенде ачылып, башкалар менен баарлашып, кубанат экенсиң. Энергияң ашып ташыганда бир нерсе жасагың келет экен. Искусство өз күчүңдү туура нукка багыттого жардам берет.
Айзуура Бакалова
ыктыярчы
Жээк жолдорун функционалдуу деп эсептейм кундүн ысыгында ал жерге жашынып, сейилдеп, велосипед тепсе болот. Биздин кечелерге келгендер үчүн ар дайым коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө аракет кылабыз. Биз үчүн бул маанилүү, баалуу, себеби өз колуң менен коооз нерселерди жасасаң, кандай ажайып, ошондуктан биз фестивалга катышууну чечтик.
Бекавана
суусундуктар боюнча адис
(Oturushh бары)
Дарыя фестке катышуумдун себеби, автордук отургуч жасап, Бишкекте биринчи жолу шаардыктар үчүн кече уюштуруу бул жылы мен жасаган мыкты иштердин бири. Peshcom командасына ыраазычылык, иш-чарабыз биз ойлогондон да мыкты болду!
Миржан Эмилбеков

Фестиваль сүрөттөрдө

Фото: Дана Кулушева Peshcom үчүн. Көбүрөөк сүрөт бул жерде.
Фото: Юрий Пак Peshcom үчүн
Фото: Алексей Журавлев Peshcom үчүн
peshcombishkek@gmail.com