Бизди кантип колдосо болот?

Прочитать на русском можно здесь

Peshcom – бул жарандык демилге. Биз шаар адамдар үчүн болушу керек деген концепцияны колдонуп, аны ар түрдүү ыкмалар менен ишке ашырабыз: шаардык интервенциялар боюнча өнөркана өткөрөбүз, журналисттик материалдарды жазабыз, caption-видео тартабыз, мини-комикс жаратабыз, соцтармактарда активдүү иштеп, мамлекеттик жана шаардык мекеме жана кызматтар менен иш алып барабыз.

Бизди каржылап беребиз деп көптөр жазат, айрымдары бизге акча которуп беришти – бизге ишенгендиңиздер үчүн чоң рахмат! Эми биз краудфандингди ишке киргизип жатабыз – бул бизди акчалай колдоп берүү мүмкүнчүлүгү.
Бизди кантип колдосо болот?

Patreon жазылуу аркылуу
Биз кимбиз?

Биздин демилген «Шаардык демилгелерде» иштеген кыздардын колдоосунан улам жаралды.Билим алып, кызматташып жана достошуп алганыбыз үчүн аларга абдан ыраазыбыз.

Peshcom командасында үчөөбүз иштейбиз — Рада, Леша жана Алтынай. Бирок үзөңгүлөштөрүбүз абдан көп, биригип, биз шаардык демилгелерди (партизанинг) ишке ашырабыз. Бизге жазылган жана бизди окугандардын колдоосун көрүп, биз абдан бактылуубуз. Силердин жазган комментарий, суроо жана сунуштарыңарды окуп, биз күч-кубатка толуп, иштей беребиз ❤

Биз урбан-хабдын бир бөлүгү болгонубузга бактылуубуз – «Шаар эл үчүн» деген бирдиктүү максаты менен баш кошкон адамдардын арасындабыз. Ал жакка «Шаардык демилгелер», MoveGreen, «Арча» демилгеси жана бир нече шаардык жигерчилер кирет.

2022-жылы биз урбан-мектебин пландаштырдык ал жерде биз бир нече интервенцияларын ишке ашырып, буюрса чакан грант алабыз.

Соцтармактарында жүргүзгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, бизге жазылгандар биздин журналисттик материалдарыбызды жана биз жасаган башка контентти баалашат – эми бизге түшкөн каражаттарды ошол жакка багыттайлы деп жатабыз.

Биздин донаттарды ар түрдүү жолдор менен пайдаланалы деп жатабыз – биз ар бир түшкөн каражат боюнча отчет тунук берип турууну УБАДА кылабыз.
peshcombishkek@gmail.com
+996 700 96 96 13