Тротуарларда унааларга орун жок, ошондуктан биз #унаасызтротуарлар акциясын баштадык.

Болгону 3 кадам жасапа, Бишкектин көчөлөрүндө туура эмес токтотулган унаалар көйгөйүн чечүүгө өз салымыңды кош!
Тротуарларда унааларга орун жок, ошондуктан биз #унаасызтротуарлар акциясын баштадык. Биз сиздер менен чогуу шаардагы 3 локацияны жөө кишилер үчүн бошоттук! Бул иш кантип аткарылды?
Этот материал можно прочитать на русском здесь.
#унааларсызтротуарлар акциясынын жыйынтыктары
Долбоордун финалдык стадиясы: ПАРКИНГ ЧЕКТЕГИЧТЕРИН ОРНОТУУ
1

Тротуарларда унаа токтотпоо чакырыгын камтыган рилстерди 2.5 миллиондон ашуун киши көрдү

2

400дөн ашуу киши UrbanEyes колонмосуна катталышты жана туура эмес унаа токтотуу жөнүндө 300дөн ашуун белгилер коюлду.

3

Коюлган белгилердин жана добуш берүүлөрдүн натыйжасында биз шаардык интервенциялар үчүн 6 локацияны тандадык.

4

Тротуарда унааларды токтотпоого чакырган эскертүү кагаздарын даярдадык. Аларды жол эрежесине каршы тротуарларда токтотуп калтырылып кеткен унааларга жайгаштырса болот.

5

Бишкек мэриясы менен жолугушууларды өткөрдүк. Калаа башчылыгынын өкүлдөрү муниципалдык кызматтардын жардамы менен 3 локацияда тротуарларды бошотуу иштерин аткарууда колдоо көрсөтүүгө макулдугун билдиришти.

6

Бишкектин 3 жеринде шаар тургундары менен биргеликте унаа токтотууга каршы бөгөттөрдү орноттук.

Активисттер жана шаар тургундары кайсы тротуарларды унаалардан бошотушту?

Бардык ыктыярчыларга жана долбоордун командасына иш-чарага катышкандары үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Калган 3 тротуарды Бишкек мэриясы менен биргеликте унаалардан коргойбуз.

Жөө кишилердин жүрүшүнө ыңгайлуу шаар үчүн күрөш уланууда! Ар бир киши өз районунда минималдык чыгымдар менен тротуарды бошото алат. Муну кантип кылса болот?

«Тротуарды унаалардан коргоо» нускамасы

1-кадам. Көйгөй жараткан жерди таап, ошол жерде кандай чечимдер ишке жарай турганын түшүнүңүздөр.
Мисалы, бир жерде айдоочулар тротуарга автоунаасын айдап кире албасы үчүн бир-эки бетон тосмосун жайгаштырып коюу жетишет. Ал эми башка жерде тротуарды бойлото металл тосмолорду орнотуу пайдалуураак болот.
2-кадам. Акча чогултуп, керектүү материалдарды сатып алыңыздар.
Үч пилоттук долбоордо биз төмөнкүлөрдү колдондук:

  • Бетон жарым сфералар жана пирамидалар — ар бир даанасы 400 жана 600 сом.
  • Атайын ширетилген жана сырдалган металл тосмолор — 2 метрлик секциясына 1500 сом.
  • Карапаларды жабыштыруучу өтө бышык клей — 800 сом.
  • Генератор жана перфоратор ижарасы — 2000 сом.
  • Айдоочу жана жүк ташуучунун акысы — 4000 сом.
2-кадам. Акча чогултуп, керектүү материалдарды сатып алыңыздар.
Үч пилоттук долбоордо биз төмөнкүлөрдү колдондук:

  • Бетон жарым сфералар жана пирамидалар — ар бир даанасы 400 жана 600 сом.
  • Атайын ширетилген жана сырдалган металл тосмолор — 2 метрлик секциясына 1500 сом.
  • Карапаларды жабыштыруучу өтө бышык клей — 800 сом.
  • Генератор жана перфоратор ижарасы — 2000 сом.
  • Айдоочу жана жүк ташуучунун акысы — 4000 сом.
3-кадам.
Пикирлештер болуп чогулуп, бөгөттөрдү орнотуңуздар.
Бул ишти аткарууга 2-3 киши + курулушу материалдарын ташууга автоунаа керек болот. Кошуналарыңызды, досторуңузду чакырыңыз.

Ийгилик! Эми автоунаалар жөө кишилердин жолун тоспойт, шаардыктар сиздерге ыраазычылыгын айтышат, тротуар бошотулду!

Лайфхактар:

  • 1
    Бөгөт орнотуу жайларын үй комитеттери жана муниципалдык аймактык башкаруу өкүлдөрү менен талкуулап алыңыздар.
    Алар көйгөйлүү жерлерди эң жакшы билишет жана орнотуу иштеринде жардамын бере алышат.
  • 2
    Жүк ташуучу такси кызматтарын алуу ыңгайлуу да, арзаныраак да болот.
  • 3
    Бетон жарым сфеараларды карапа жабыштыруучу клейге тургузуп койсо болот.
    Ал асфальтта эң жакшы, бышык болуп кармалат.
  • 4
    Жоро-жолдоштуруңузду чакырыңыз.
    Адатта адамдар жакшы иштерге чын жүрөгү менен катышышат.