Сүрөт: Сырга Нурбек кызы, Нарын
«КӨЗ ЖАЗДЫМЫНДА КАЛГАН КЫРГЫЗСТАН»

Фотосүрөт менен иштеген Кыргызстандын фотосүрөтчүлөрү жана сүрөтчүлөрүнөн көргөзмөгө өтүнмөлөрдү кабыл алуу.


20-сентябрга чейин

Кыргызстандын шаарларын анын тургундары кандай келбетте кабыл алаары тууралуу көргөзмө

Биз сүрөттөрдө кандай Кыргызстанды көрүүгө көнгөнбүз? Тоолуу табият, көгүлтүр көл, ажайып имараттар жана көрүүгө татыктуу жерлер. Бирок бул көнүмүш адатка айланган «открыткадагыдай» образдан тышкары башка Кыргызстан да бар – күнүмдүк, бири бирине каршы келген, жандуу, чыныгы. Биз жашаган Кыргызстан. Кадрга сейрек түшкөн Кыргызстан.


Биз жеке тарых, байкоолор, күтүлбөгөн ракурстар жана шаар мейкиндиктери менен алака түзүүнүн ар түрдүү ыкмалары аркылуу Кыргызстандын шаарларын көрсөтө алган көргөзмөнү уюштургубуз келет.

Сиз билген, бирок биз балким көрө элек шаарыңызды көрсөтүңүз

ϴз шаары тууралуу айтып берип, адатта туристтик открыткалардан жана расмий билдирүүлөрдөн сырткары калган нерселер жөнүндө баяндап бере алган Кыргызстандын авторлорун чакырабыз. Бул чет жакадан эмес, тургундар өз шаарын ичинен кандай сезип, көрүп жана жашаганы аркылуу шаарларыбызга көз салуу аракетибиз.


«Көз жаздымында калган Кыргызстан» көргөзмөсү – шаарларыбызды кооздоп көрсөтүү аракети эмес, биз аларга суроолорду бергибиз келет. Сизди тынчсыздандырган, толкундаткан, таң калтырган жана шыктандырган нерселерди баяндап бериңиз.

Иштер тапшырылуучу темалар:

1. Шаар кимге таандык?

Жөө жүргүнчүлөр жолунда курут сатса болобу? Узун орундукта уктаса болобу? Чөпкө отурууга болбосо, анын шаарда кереги барбы? Кайсынысы маанилүүрөөк – соода борборубу же сейил бакпы? Балконду айнектөөнүн кереги барбы же жокпу? Жөө жүргүнчүлөрбү же автоунааларбы? Биз шаар мейкиндиктеринин жеткиликтүүлүгүн изилдеп, шаарга болгон укугубуз жана андагы биздин ордубузду көрсөткөн иштерди издейбиз.


2. Шаардагы туристтик эмес жерлер

Жол көрсөткүчкө кирбеген шаарды көрсөтүңүз. Там же короо, жөө жүргүнчү жолу же шаар чарбагы, буюм-тайым базары же «үчүнчү жайлар», жергиликтүү тургундар же шаардык көрүнүштөр тарыхын көрсөтүңүз. Күн сайын жанынан өтүп, бирок сейрек учурда кунт коюп изилденген жерлер жана окуялар.


3. Заманбап чакырыктар

Учурда шаарларыбызда эмнелер болуп, алдыда кандай чакыруулар турат? Климаттын өзгөрүүсү, абанын сапаты, шаардык мобилдүүлүк, суунун жеткиликтүүлүгү, тарыхый эстутум, жаңы архитектура жана кыргызстандыктар үчүн маанилүү болгон башка суроолор.


4. Guilty pleasure – «уяттуу ырахат»

Кубаныч, бирок ошол эле учурда уялуу же ыңгайсызданууну жараткан нерселер. Биз шаарда эмнегедир логикага жатпаган же «эрежеге туура келбеген» деп ойлогон кичинекей ырахаттанулар. Тыюу салынган жерге отуруу. Маршруттан тышкары жүрүү. Жашыруун жердеги түшүнүксүз жайлуулук. Акысыз ырахат… А балким бул guilty pleasure эмес, болгону шаар тандоого мүмкүнчүлүк калтырбай койгон?


5. Таң калтырган тема

Шаар же ага болгон укук контекстинде сиз сунуштаган эркин тема.

Ишти кандай форматта тапшырса болот?

Фотосүрөт, фоторепортаж, фотозин, видео, инсталляция, перформанс


Бир же бир нече ишти тапшырса болот


Иштерди кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алабыз

Ким катыша алат?
Баары.

Он жылдан бери сүрөт тартасызбы же бир нече айдан бериби, мааниси жок. Көркөм өнөр билимиңиз, көргөзмөлөргө катышуу тажрыйбаңыз же кесипкөй аспаптарыңыз болбошу мүмкүн.


Бизге шаарга болгон көз карашыңыз жана баяндап бергиңиз келген окуяңыз кызыктуу.


Биз Кыргызстандын ар түрдүү шаарлары жана аймактарынан авторлорду чакырабыз.

Иштерди кабыл алуу: 2026-жылдын 20-сентябрына (23:59) чейин
Көргөзмөнүн ачылышы: 2026-жылдын 16-октябры, Каракол ш.
Биз жөнүндө:

Көргөзмөнү Peshcom урбанисттик демилгеси Германиянын Федералдык экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлигинин каражаттарынын эсебинен Роза Люксембург фондунун (RLS) демөөрчүлүк колдоосу менен өткөрөт. Көргөзмөнүн мазмуну үчүн бардык жоопкерчиликти Peshcom тартат, ал эми анда чагылдырылган көз караш RLSтин позициясы менен дал келбеши мүмкүн.