Велосипед токтотуу жайлары жана курьерлер. Бишкек велосипедчилерге кантип ылайыкташат?

Сентябрь 2021
Бул материалды орус тилинде бул жерден окуса болот.

Август айынын башында шаар студенти Элайым велосипедчен курьер болуп кызматка орношкон. «Жумуштан коркчу эмесмин, себеби тажрыйбам бар. Мен 10 жашымдан бери шаарды велосипед менен кыдырчумун», — дейт кыз.

Азыр ал күн сайын сегиз сааттан иштеп, шаардын ичинде ондогон чакырым өтөт. Анын жолунда такай кандайдыр бир тоскоолдуктар боло берет.

«Шаарыбызда артыкчылыкты унаа айдоочуларына беришкен, ал эми велокурьер менен жөө адамдарга ыңгайлар жок. Мисалы, тепкичтер болсо, жанында пандус жок. Биз анда велосипедибизди жонубузга көтөрөбүз, жаныбызда чоң капчык да бар. Ошондуктан абдан чарчайм. Жол астындагы өтмөктөрдө пандустар туура эмес, өтө тайкы жасалган, жөн гана пандусу бар экенин көрсөтүш үчүн турат», — дейт кыз.
велокурьер><meta itemprop=
Элайым / Фото: Peshcom
Бирок, шаардын тротуарларында веложолдор жасалганына ал абдан кубанды. «Совет көчөсү менен Тынчтык проспектисинде веложолдор менен жүрөм. Ал жер ыңгайлуу. Адамдар өз жолу менен басууга али көнө элек. Ошондой болсо да, башка көчөлөргө салыштырмалуу ыңгайлуу».

Бишкектин велоинфраструктурасы

Шаардын велочөйрөсү жалаң гана веложолдордон куралбайт. Бул велосипед токтотуу жайлары, байкшеринг, велосипедди коомдук унаага жүктөө мүмкүнчүлүгү.

Бирок шаар бийлигинин велосипедчилер үчүн инфраструктураны өнүктүрүү боюнча комплекстүү ыкмасы жок болуп жатат.

2016-жылы Бишкектин түштүк бөлүгүндө биринчи сейилдөөчү веложолдор жасалды — алар шаардын кичине гана бөлүгүн байланыштырчу. Акыркы жылдары шаардык бийлик Чүй, Манас проспектилеринде, Абдрахманов, Масалиев жана Токомбаев (Түштүк магистралы) көчөлөрүндө тротуарлар менен бириктирилген веложолдорун жасады.

Ошол көчөлөрдө жөө жүргүнчүлөр менен велосипедчилердин ортосунда пикир келишпестиктер жаралып келет: веложолдор жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан айырмаланбайт, ал эми тротуардын айрым жерлеринде жолдун кеңдиги веложол менен жөө адамдардын жолун туура бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Бул көчөлөрдөгү маршрут айланма болот деп пландаштырылган, бирок веложолдор айрым жерлерде үзүлүп, Манас проспектисиндеги жер алдындагы өтмөдө веложолдор такыр эле жок.
1. Абдрахманов к. веложолдун үзүлгөн жери 2. Абрахманов/Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар 3. Абдрахманов к. веложолго токтотулган унаалар 4. Манас пр-ги жер алдындагы өтмө / Фото: Peshcom
Веложолдор системасы өнүкпөгөн жана тротуарлар начар болгондуктан, велосипдечилер жол менен айдашат. 2021-жылы 6 айдын ичинде Бишкекте велосипдечилердин катышуусу менен 40тан ашуун жол кырсыгы катталды.

Ушул кыйынчылыктарга карабастан, шаардыктар велосипедге отурушат. Шаардагы велосипедчилердин саны боюнча расмий маалымат жок. Эмне үчүн адамдар велосипедди тандашат? Шаардык кызматтардан тышкары ордо калаабыздын велоструктурасын дагы ким өнүктүрөт?

Велосипедчен кызматкерлер

«Эстет» клиникасынын тиш доктуру Ана Шейко жумушуна велосипед менен барат. Ал жанына бирге чыккан кызын алып, аны кичинекей арабачага отургузуп алат. Ананын айтымында, башында велосипед тепкенден кооптончу. Азыр ал да, кызы да көнүп калышты. «Жолду катар кызым уктап барат. Ал дагы уктай турсун деп, [Түштүк] магистралын бир айланып чыгам», — дейт келин.
Ана Шейко жана анын арабачан велосипеди / Фото: Ананын жеке архивинен
Былтыр март айында анын клиникасынын жетекчиси Александр Солошенко өз кызматкерлерине 20 велосипед сатып берип, велосипед токтотуу жайын орнотуп берген — карантин убагында кызматкерлер жумушуна жетип алсын деген максат менен. Азыр жумушуна велосипед менен келген дарыгерлердин саны азайып калды.
«Эстет» клиникасынын жанындагы велосипед токтотуу жайы / Фото: Peshcom
Чынара Жапаркулова, кызматкерлердин эң улуусу, клиникада тазалык үчүн жооп берет. Ал жумушка дагы деле велосипед менен келген кызматкерлерден.

«Такай теппейм, себеби унаалар көп, корком. Бизде веложолдор бар, бирок аларды пайдалана албайсың, биздин эл веложол кайсы, тротуар кайсы экенин айырмалай элек. Эч ким жол бербейт», — дейт Чынара. Азыр ал жумушка дем алыш күндөрү гана, жолдо унаа азайганда велосипедин тээп келет.

Жумушка банктын бөлүм жетекчиси Андрей Тарасов да велосипеди менен келет.

Ал 2021-жылын жаз айлары велосипедге отуруп, ошондон бери күн сайын үйүнөн кеңсесине чейин 12 чакырым тээп келет. Мурда ал жумушуна маршрутка менен келчү. «Биринчи күндөрү велосипед менен жүрүү ыңгайсыз эле, кийин көнүп кеттим», — дейт Андрей.
Андрей Тарасов / Фото: Peshcom
Былтыр анын кеңсесинин жанында велосипед токтотуу жайын жасашты, ал эми жумушунда гардероб болгондуктан, ал спорт кийимин чечип, жумушчу кийимин кийип алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Андрей жана анын велосипедчи кесиптештери үчүн шарт түзүп берүүнү «Азия Банкынын» филиалынын жетекчиси Нургүл Жуманова ишке ашырган.

«Банктын көпчүлүк кардарлары велосипедчен келе баштаганын байкадык. Мурда алар велосипедин тепкичтерге калтырышчу. Биздин кызматкерлер да, өзгөчө карантин убагында велосипед тээп келе башташты», — дейт Жуманова.

Анын демилгесин көрүп, банктын жанында жайгашкан соода борбору жана биринчи кабатында кеңселер жайгашкан турак үйлөр да шыктанды. Алар Нургүлгө кайрылып, велосипед токтотуучу жайларын жасагандардын дарегин сурашты. Эми Киев менен Шевченко көчөлөрүнүн кесилишинде үч велосипед токтотуу жайы бар.
1. I-Mall соода борборунун жанындагы велосипед токтотуу жайы 2. Киев 190 дарегиндеги үйдүн жанындагы токтотуу жайы / Фото: Peshcom

Велосипед токтотуу жайларын ким орнотот?

Шаардан велосипед токтотуу жайлары көп эмес, алар ар кайсы жерде жайгашкан. 2ГИС картографиялык сервиси берген маалыматка ылайык, Бишкекте 100 велосипед токтотуу жайы бар. Алар дүкөн, бизнес-борбору, кафе жана айрым маморгандарынын жанында жайгашкан.
Мэриянын маалыматына ылайык, шаардык кызматтардын балансына таандык бир да муниципалдык токтотуу жайы жок..
Биринчи велосипед токтотуу жайы 2012-жылы Манас проспектисинде жайгашкан Sierra кофейнясынын жанына орнотулган. Менеджер Евгениянын айтымында, алардын башкы жетекчиси саламаттыкты сактап, эл аралык стандарттарга туура келтирүү максатында велосипед токтотуу жайын орнотуу чечимин кабыл алган. «Ал Жаңы Зеландияда жашап келген, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кыдырган. Ал жакта велосипед токтотуу жайларын орнотуу – көнүмүш адат», — дейт Евгения.

Азыр велосипед токтотуу жайы кофейнянын баардык бөлүмдөрүнө орнтолуган. Аларды кардарлар да, кызматкерлер да пайдаланат.
Велопарковка Сиерра><meta itemprop=
Манас проспектисиндеги Sierra кофейнясынын велосипед токтотуу жайы / Фото: Peshcom
«Народный» жана « Глобус» гипермаркеттеринин түйүндөрү жанында да 15тен ашуун велосипед токтотуу жайлары орнотулду.

«Дүкөндөрүбүз ачылган күндөрү биз дароо эле велосипед токтотуу жайларын орното баштадык. Бул биздин саясатыбыз. Велосипедчилер барбы же жокпу деп биз трафикти баалабайбыз. Сөзсүз түрдө велосипед токтотуу жайлары болушу талап», — дейт маркетинг боюнча директору Роман.

Бирок, анын айтымында, велосипед токтотуу жайыларын орноту айрым учурда мүмкүн эмес, себеби айрым дүкөндөрдүн жанындагы аймак ага таандык болбой калат.

Айрым велосипед токтотуу жайлары шаардык чөйрөнүн бөлүгү гана эмес, кээ бир компаниялардын жарнама же өгөчө бир арт объектиси болуп эсептелинет.
1. Пиццериянын жарнамасы катары токтотуу жайы 2. Компаниянын фирмалык түсүнө боелгон кондитер дүкөнүнүн токтотуу жайы 3. Жергиликтүү көрүнүктүү жер болуп калган велосипед барынын жанындагы токтотуу жайы / Фото: Peshcom
Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жанындагы токтотуу жайлары сейрек кездешет. Мисалы, 2014-жылы мэрия имаратынын жанына велосипед токтотуу жайы орнотулган, бирок азыр аны алып салышты. Эмне үчүн мындай кылганын бизге түшүндүрүп бере алышкан жок.
Мэриянын жанындагы Улуттук банк жана Чүй менен Үмѳталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги филиалдарында велосипед токтотуучу жайлар бар.
Велопарковка возле Нацбанка><meta itemprop=
Улуттук банктын жанындагы велосипед токтотуу жайы / Фото: Peshcom
Улуттук банктын кызматкерлеринин айтымында, велосипед токтотуу жайы 2019-жылы орнотулган. Бирөөсүн мекеменин администрациясы орнотту, экинчисин велосипед тепкен кызматкерлер кайрылгандан кийин профсоюз орнотуп берди.

Велосипед токтотуу жайлары баардык жерлерде болбогондуктан, велосипед ээлери унаасын каалаган жерде токтотот: жарык мамысы, бак-дарактар, тепкичтердин кармоочу, дубалдар.
велопарковка возле ЦУМа><meta itemprop=
ЦУМдун жанындагы велосипед токтоо жайынын ордуна дубалча / Фото: Peshcom

Велосипед менен жеткизүүнү өнүктүрүү

Акыркы жылдары Бишкекте велосипед менен жеткизүү кызматы өнүгүүдө. Таң аткандан кечке чейин шаар көчөлөрүнөн велосипедчен курьерлерди көрсө болот, алар ачык түстүү кийим кийип, жонунда чоң куржуну бар.

«Кенгуру» жеткизүү кызматында велокурьерлер шаарда веложолдор жок, ал эми тротуарлардын абалы өтө начар деп көп даттанышат деп бизге айтып беришти. Мындан тышкары унаа айдоочулары алар менен жол бөлүшпөй, велосипедчилерди жолдун четине түртүп, алдынан буруп, айдашаарын айтышты.

Велокурьерлерден тышкары «Кенгуруда» жөө жүргөн, унаа менен жана мопед менен жүргөн курьерлер иштейт. Велосипед менен жеткизүүнүн бир артыкчылыгы тездик жана мобилдүүлүк дешет компанияда. «Велосипеддин баасы арзан, ал курьердин ишин жеңилдетет. Велокурьерлер үчүн биз тейлөө аймагын чектейбиз, алар табыштамаларды өтө алыс жеткизбесин дейбиз», — дешет кызматтагылар.

Велокурьерлер — велосипед менен жүргөн активдүү адамдардын тобу. Алар көчөлөрдүн көбүн пайдаланып, шаардын баардык райондорун кыдырып, ага көп убакыт сарпташат.

Тамак-аш жеткизүүчү россиялык Delivery Club кызматы жана «КБ Стрелка» консалтинг компаниясы шаардын велоинфраструктурасын өнүктүрүү максатында велокурьерлердин маалымат анализинен пайдаланууну сунушташат.

2021-жылы алар миллиондогон адам жашаган россиялык 15 шаарды иликтеп чыгышып, велокурьерлер менен жөнөкөй велосипедчилердин каттамдарын изилдеп чыгышты. Алар көп пайдаланылган каттамдарды аныктап, инфраструктуранын кемчиликтерин түзүп, аларды жакшыртуу үчүн өз сунуштарын беришкен.

«Велокурьерлердин каттамын карап чыгып, велосипедди шаарда күнүмдүк пайдалануу жана рекрациялык каттамдар үчүн пайдалануу кандай айырмалана турганын көрсө болот. Адам велосипедди дүкөнгө же жумушка баруу үчүн пайдалануусу велокурьерлердин каттамдарына өтө окшош», — дешет Delivery Clubда.

Велосипедди ижарага алуу

Учурда Бишкекте шаардыктар пайдалансын деп, велосипедди ижарага берүүчү бирдиктүү тармак жок.

Буга карабастан, Түштүк магистралында, Жеңиш багында, Карагай багында жана Ала-Тоо аянтында велосипедди ажарага алса болот. Албетте, ижаранын бул түрү сейилдөө жана көңүл ачуу максатында пайдаланылат. Ошондой болсо да, бул шаардыктар арасында велосипеддин маанисин жогорулатууда өз ролун ойнойт.

Мындай ижаранын баасы саатына 100дөн 200 сомго чейин өзгөрүп турат.
велопрокат><meta itemprop=
Түштүк магистралындагы велоижара веложолдун үстүнө туруп алган / Фото: Peshcom
Шаарда такай тээп жүрүү үчүн велосипедди ижарага спорт дүкөндөрүнөн алса болот. 2020-жылдын жаз жана жай айлары ижарага бериле турган велосипеддердин баарын шаардыктар алып кеткенин бизге ошондой дүкөндүн биринде айтып беришти.

Азыр велосипедди ижарага сейрек алышат, негизинен бир нече күнгө же бир жумага. Велосипедди ижарага узак убакытка чет өлкөлүктө, же Ысык-Көлгө кетип жаткандар алышат. Бир айдан ашуун убакытка ижарага алышпайт, себеби анын акысы велосипеддин өз баасынан кымбатка түшөт.

Мындай дүкөндөрдөн велосипедди ижарага суткасына 600 сом, узак убакытка ала турган болсоңуз, соодалашса болот.

Көпчүлүк шаарларда байкшеринг бар — бул велосипедди ижарага алуунун автоматташтырылган системасы. Мисалы Алматыда велосипедди ижарага берүүчү 180ден ашуун станциясы иштейт. Шаардын бир жеринен экинчи жерине жетип алып, адам велосипедди станцияна кайтарып берет.

Мындай ижаранын баасы Бишкекке салыштырмалуу алда канча арзан. Мисалы, алматылыктар ижарага алган велосипедин биринчи 30 мүнөтүн бекер пайдаланат. 3 айга абонименттин баасы 1200 сомдой, бир жылга — 2000 сомдун тегерегинде.

Велочөйрөгө инвестициялоо

Дүйнөнүн көптөгөн шаарларында бийлик велоинфраструктураны жигердүү өнүктүрүүдө. Алардын тажрыйбасы көрсөтүп тургандай, велочөйрөгө жасалган салымдар жагымдуу эффектилерге алып келет.
Акыркы жылдары велосипедчилер шаардык бийликтин көңүлүн Бишкектеги инфраструктураны өнүктүрүп, коопсуздук көйгөйлөрүнө буруу аракетин жасап келишет. Бирок бир жылдын ичинде мэрия жетекчилери биринин артынан бири алмашып жатып, бул маселени чечүүгө тоскоол болуп келген.

2021-жылдын жай айлары веложигерчилердин Биринчи Май районунун акими менен жолугушуусунан кийин, шаардагы жол белгилери жаңыртылып, велобелгилер жасалып, Манас проспектисиндеги велотилкеси өткөн жөө жүргүнчүлөр көпүрөсүнө асфальт төшөлдү.
Манас проспектисиндеги көпүрө оңдоого чейин жана кийин / Фото: Peshcom
Бишкектеги велоинфраструктурасын өнүктүрүү боюнча жаңы пландар тууралуу шаардык бийлик үн катпайт. Жаңы веложолдорун куруу, же колдо бар жолдорду, мисалы башка түскө боёп, аларды жакшыртууга мэриянын маалыматы боюнча азырынча каражат жок.

Материал үстүндө иштегендер: Алексей Журавлев
Редактурасы: Рада Валентина кызы, Анна Капушенко
Котормочу: Асель Джоокаева

Башка материалдар: