«Ар бир имарат — бул тагдыр». Бишкектин жоголуп/сакталып калган архитектуралык мурасы

Август 2021
Бул материалды орус тилинде бул жерден окуса болот.

Бишкектин архитектуралык келбети жыл сайын өзгөрүп турат. Жаңы көп кабаттуу тамдар кеңейип, бийикке умтулса, эски архитектура алардын көлөкөсүндө калып, өз баалуулугун жоготууда.

Шаардын архитектурасын ким жараткан? Архитектуралык мурастан эмне калды? Эстелик болгон имараттардын абалы кандай жана аларды ким карайт?

Советтик модернизмдин шедеврлери

«1971-жылы университетке өттүм. Ошол жылы советтик модернизмдин шедеври деп эсептелген көпчүлүк имараттар курула баштады... Бирок бизде андай тамдарды көбүнесе бузушат», — дейт архитектор Олег Лазарев.

Ал өз жашоосун чеберканага, ири долбоорлорду жана чиймелерди жаратууга арнаган. Мисалы, архитекторлор жамаатында иштеп жатып, Лазарев Офицерлер үйүнүн (азыр Кыргыз - Славян университетинин башкы корпусу) жана Бишкек гуманитардык университетинин долбоорун жасаган.
Мурдагы Офицерлер үйү; БГУ имараты /Фото: Peshcom
«Ар бир имарат — бул тагдыр, процесс, жашоонун бир тилкеси», — дейт архитектор.

Советтик имараттарды долбоорлоо бир нече этаптан өтчү. Алгач архитекторлор долбоорун тактап, аларды өзүнүн чеберканасынан талкуулачу, андан кийин аларды архитектуралык кеңешке чыгарчу, андан кийин гана шаар куруу кеңешине берилчү.

«Азыр долбоорго товар сыяктуу мамиле жасалат. Куруу иштерин бир нече курулуш фирмалары басып алган. Аларга негизгиси жер таап, аны сатып алууга корогон каражат маанилүү. Башкача айтканда, ал жерде юрист архитекторго караганда маанилүүрөөк болуш керек», — деп кейийт Лазарев.

Ал катышкан маанилүү долбоорлордун бири — учурда парламент отурган Ак үйдүн курулушу. «Ак үй боюнча эбегейсиз иш жасалган. Биз дубалдын ар бир фрагментин чийдик, учурда отурумдар өтүүчү кичи залдарды иштеп чыктык», — деп эскерет Лазарев.
Ак үй / Фото: Peshcom
Азыр Ак үй башка жүздөгөн имараттар сыяктуу тарыхый-маданий мурас объектилердин тизмесине кирет.
Тарыхый-маданий мурас объектилери — бул тарых жана маданияттын эстеликтери, алар элдин жашоосундагы тарыхый окуялар менен, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшү, тарыхый, илимий, сүрөт, архитектуралык жана башка баалуулуктар менен байланышкан чыгармачылыктын материалдык жана руханий чыгармалары менен байланышкан.
«Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамына ылайык, баардык эстеликтерди мамлекет коргоого алат.

Кыргызстанда эстеликтер үч түргө бөлүнөт:
● Эл аралык маанидеги — мындай макамды аларга ЮНЕСКО ыйгарат;
● Республикалык маанидеги — чечимди Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабыл алат;
● Жергиликтүү маанидеги — аларды жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары бекитет.
    Бишкектеги кайсы имараттар эстелик аталып, алар кандай абалда экенин билүү үчүн биз тарыхый-маданий мурас объектилердин тизмесин анализдеп чыктык. Ошондой эле биз 74 республикалык маанидеги, 196 жергиликтүү маанидеги, жалпы жолунан 270 эстелик имараттарын кыдырып чыктык.

    Биз эмнелерди таптык?

    Республикалык маанидеги эстеликтер

    Республикалык тизмедеги имараттардын 75 пайызынан ашууну архитектуралык баалуулукка ээ. Алардын арасында белгилүү имараттар да бар, мисалы Филармония, Опера жана балет театры, Илимдер академиясынын имараты жана ондогон башка имараттар.
    1. Мэриянын имараты; 2. Мурдагы Борбордук телеграфтын имараты; 3."Кыргызстан" банкынын бөлүмү (мурдагы СССРдин мамлекеттик банкынын имараты); 4.БУУ үйү (мурдагы "Балдар дүйнөсү" дүкөнүнүн имараты) / Фото: Peshcom
    Бул имараттарда негизинен маданий, спорт жана диний мекемелер, ошондой эле маморгандар жайгашкан.
    Мыйзамга ылайык, курамына маморгандарынын адистери, архитекторлор жана жарандык коом өкүлдөрү кирген атайын комиссиянын чечими менен имарат эстелик макамынан ажыратылып, "жоюлган" деген белги алышы мүмкүн. Имарат эстелик макамынан айрылса, аны буза алышат.

    Республикалык тизмеде эстелик макамынан ажыраган эки гана имарат бар. Алардын бири — 1930-жылдары курулган «Эркин-Тоо» басмаканасы.

    Совет мезгилинде имаратта Басма үйү жайгашкан, ал эми Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Панфиловдун дивизиясы орун алган. 1990-жылдары ал жерде «Эркин-Тоо» акционердик коому ачылып, акцияларынын көбү мамлекетке таандык болгон. Бирок 2000-жылдары акцияларды сатып жиберишти.

    Басмакананын бузуп салуудан сактап калуу үчүн аны республикалык маанидеги эстелик деп табышты. Бирок 2015-жылы маданият министрлиги имаратты кырсыкка жакын деп тапты. 2019-жылы имараттын жарымын бузушту — анын ордуна көп кабаттуу комплекс курулмак.
    «Эркин-Тоо» басмакана имаратынын калдыктары / Фото: Peshcom
    Басмакананын акционерлери Маданият министрлигинин кызматкерлери жана курулуш компаниясы менен сүйлөшүп алып, имаратты эстеликтер тизмесинен чыгартып салды деп, 2021-жылы УКМК билдирген.

    Эстелик макамын жоготкон дагы бир объекти — «Ак-Кула» ат майданы. 2020-жылы комиссия ат майданынын имаратын жараксыз жана оңдолбойт деп тапкан. Аны толугу менен бузуп, кайтадан куруп чыгуу пландаштырылууда. Бул материал жазылып жатканда, белгисиз себептерден Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланган эстеликтер тизмесинин токтомунда ал имарат «жоюлган деген белги менен жарыяланбаганы аныкталды.
    Толугу менен бузуу пландаштырылган «Ак-Кула» ат майданынын имараты /Фото: Peshcom; өкмөттүн басма сөз кызматы

    Жергиликтүү маанидеги эстеликтер

    Жергиликтүү маанидеги эстеликтер белгилүү бир шаар же айыл үчүн баалуулугу менен айырмаланат. Бишкекте алардын тизмесин мэрия бекитет. Атайын комиссия мамлекеттик деңгээлде алардын баалуулугун тааныса, алардын ар бири республикалык тизмеге кирип калышы мүмкүн.
    Имаратта белгилүү саясатчы, искусство ишмери жашаса, же ал жерде өлкө үчүн маанилүү окуялар болсо, имаратка тарыхый баалуулук берилет.
    1. Бир нече советтик академиктер, алардын арасында Иса Ахунбаев да жашаган Эркиндик, 40 дареги боюнча жайгашкан там. 2. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде түнкү бомба таштоочу кошуундар жайгашкан Бишкектин архитектура жана менеджмент колледжинин имараты. 3. Шаардык клубдун имараты — 1930-жылы Интергельпо курган шаардагы биринчи маданий мекеме. 4. Скульптор Ольга Мануйлованын үй-музейи / Фото: Peshcom
    Бишкектеги 196 эстелик имараттын 14тү жок болду.

    Мисалы, «Ала-Тоо» мейманканасы, «Нарын» ресторанын буздурушту, аялдар гимназиясынын имаратында азыр «Гоин соода борбору жайгашты.

    Бишкектеги 6 эстелик имаратынын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулду.
    Дагы 10 имаратты жөө кыдырып да, карта сервистери аркылуу да (Google maps, 2GIS) таба алганыбыз жок — көрсөтүлгөн даректер жок болуп чыкты.
    Бишкектеги дагы 6 эстелик имараты кароосуз калган.

    Мисалы, ЦУМдун артындагы сейил багындагы "Улитка" павильонунун имараты. «"Улитка" сыяктуу объектилер — шаар үчүн эмес, жалпы өлкө үчүн сейрек кездешүүчү объекти. Аларга өзгөчө макам берилиши керек эле», — дейт дизайнер Наталья Андрианова.
    Кароосуз калган «Улитка» павильону / Фото: Peshcom
    Шаарда жергиликтүү маанидеги эстелик макамынан ажыратылган 28 имарат бар, алардын 11и бузулуп, 3 имараты кароосуз турат.
    Сакталып калган жергиликтүү маанидеги эстеликтер негизинен — турак жайлар, ар түрдүү уюмдар жана кичи бизнес жайгашкан имараттар. Жалпысынан, эстелик макамы бар-жоктугуна карабастан, имараттар жана андагы бөлмөлөр ижарага берилет — ал жерге кеңсе, тамактануу жайлары жана дүкөндөр ачылат.

    Заводдор

    20-кылымдын биринчи жарымында курулган айрым завод жана фабрикалар да тарых эстелик болуп эсептелинет. Азыр алардын көбү иштебей турат, абалы өтө начар. Фабрика жана заводдордун аймагы бөлүнүп, жер тилкелерин курулуш үчүн беришет.
    Булгаары заводунун аймагындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу / Фото: Peshcom
    Мисалы, жергиликтүү маанидеги эстеликтер тизмесине Интергельпо кооперативи курган Булгаары заводу да кирет. Заводдун аймагы тилкелерге бөлүнгөн: Фучик 38а, Фучик 38б, Фучик 38/2 ж.б. Айрым тилкелерине көп кабаттуу тамдар курула баштады.
    Нооту фабрикасынын имараты / Фото: Peshcom
    Ошондой эле абалда чехословакиялык кооперативи курган «Сетунь заводу жана Нооту фабрикасынын аймагы да калды — азыр имараттардын жарымы бузулган, бирок бир курулушта жеке цехтер иштеп жатат, ал эми айрым бөлмөлөр кичи бизнеске ижарага берилген.
    1-3. Өлкөдөгү коммунисттик эмгектин биринчи кыргыз бригадасы орун алган СССРдин 50 жылдыгы атындагы Пахта ийрүү фабрикасынын аймагына көп кабаттуу үйлөр курулууда; 4. 8-Март атындагы токуу фабрикасынын имаратында курулуш материалдарын сатуу базары жайгашкан / Фото: Peshcom

    Архитектуралык мурастын өзгөчөлүгү эмнеде?

    Дизайнер Наталья Андрианованын айтымында, Бишкектин советтик архитектурасы шаар куруунун баардык эрежелерин жана принциптерин сактап курулган. Мисалы, архитекторлор курулуш ченемдерин, сейсмологиялык өзгөчөлүктөрдү, шаарды желдендирүү эрежелерин сактап келген.

    «Бизде 19-кылымдын архитектурасынын кымындай болсо да, катмары бар. Бирок аны дээрлик жок кылышты. [...] Кыргыз модернизминин архитектурасы жаман эмес, татыктуу объектилери да бар, бирок ал баалуулук катары кабыл алынбайт. Азыркы жагдайда бул абдан кайгылуу», — дейт Андрианова.

    Анын айтымында, советтик модернизм архитектурасы өтө ыңгайлуу жана функционалдуу, ал карапайым эл үчүн жасалган.

    Гид-экскурсиячы Анна Сарыбаеванын пикиринде, шаар архитектурасы бөтөнчө бир көрүнүш, себеби ал өзүнө ар түрдүү доорлорду камтыган.

    «Бишкектин архитектурасынан жалаң гана шаар эмес, бүткүл мамлекеттин түптөлүшүн байкаса болот. Бизде Пишпекке шаар макамы берилгиче, мамлекеттүүлүк жарала электе курулган имараттар бар. Ал имараттар — доор алмашуунун, башкаруунун алмашуусуна күбө болушкан, аларды өзгөчөлүгү ушунда», — дейт Анна.

    60-70-жылдары архитектуралык формаларга гана көңүл бурулбастан, көркөм жасалгалоо да маанилүү эле. Сүрөтчү-монументалисттер имаратты мозаика жана рельефтер менен кооздочу.
    1. "Ала-Тоо" кинотеатры имаратындагы мозаика. 2. Сүрөтчү-монументалисттер жараткан Михаил Фрунзенин үй-музейиндеги рельефтер / Фото: Kloop; Peshcom
    Архитектор Олег Лазаревдин пикиринде, азыркы аткаминерлер эстелик имараттарына кайдыгер мамиле жасашат. «Келбети начар болгону менен, имарат уникалдуу экенин алар көрүшпөйт. Кары-картаңдардан кутулгусу келген сыяктуу, бул имараттардан тезирээк кутулуу аракети жасалат, алар муну [аткаминерлер] жасай алат», — дейт ал.

    Кароосуз калган жана бузулган имараттар

    1. Гапар Айтиев жашаган үй; 2. Раззаков көчөсү, 29 дарегиндеги үй; 3. Панфилов атындагы аскер даңкы музейи / Фото: Peshcom; 24.kg

    «Нарын» рестораны

    Буздурулган имараттардын бири — «Нарын» рестораны. Анын тарыхы 1984-жылы башталып, 2017-жылы аяктады.

    Буздургуча, имарат көп жылдары бош турду, урай баштады. Имарат жергиликтүү маанидеги эстеликтер тизмесине киргенине карабастан, ресторан ээлери аны оңдоо аракетин көрүшкөн жок, мыйзамга ылайык, кожоюндары аны сактап, оңдоп турушу керек эле. 2016-жылы имарат эстелик макамынан ажыратылды.
    Фото: КРнын Борбордук мамархиви; Ресторанды буздуруу / Фото: Kloop
    «Бишкекте ушундай укмуш стенографиясы бар башка имараттар жок. Ал көп жылдары бош турганына карабастан, "Нарын" рестораны — кыргыздардын ордо калаасынын уникалдуу архитектуралык шедеври болгонун унутпашыбыз керек!» — деген ошондо швейцариялык архитекторлор Кристиан Хеллер менен Сандра Мюнгер, алар имараттыр коргоого үндөп, аны сактап калууга чакырышкан эле. Бирок 2017-жылы күз айлары имаратты буздурушту.

    Алгач имарат ээлери анын ордуна көп кабаттуу комплекс курууну чечишкен, бишкектиктер жана архитекторлор ага каршы чыккандан кийин, мэрия ал жерге сейил багын отургузууну убадалаган. Азыр ал жер бош турат, аймагы дубалдар менен курчалган.

    «Нарын» ресторанынын тарыхы көрсөткүчтүү болуп, башка эстелик имараттар да анын тагдырын кайталап калбаса экен деп, архитекторлор кабатырланат.

    Терентьевдин үйү

    Болжолу менен, биринчи шайланган башчы (мэр) Илья Терентьевдин шаар четиндеги үйү 19-кылымдын аягында курулган: биринчи кабаты кыштан салынып, экинчи кабаты жыгачтан курулган. Үйдүн тегерегине бактар тигилип, кийин алар биринчи шаардык сейил бакка айланган, бирок ал дарактар азыр кыйылып кетти.
    Совет мезгилинде имараттын жанына Пионерлер үйү курулуп, Терентьевдин үйүндө өлкө таануу жана туристтик ийримдер ачылды. 2000-жылдын башында эстеликтердин республикалык тизмесине киргизилгенине карабастан, имарат кароосуз калды.

    Акыркы 20 жылдын ичинде мэрия, шаардык кеңеш, Маданият министрлиги жана башка мамлекеттик түзүмдөр үйдү калыбына келтирүү маселесин ийгиликсиз көтөрүп келди. Терентьевдин үйүн калыбына келтирүү долбоору даяр, каражаттын жоктугу гана көйгөй болууда деп, бизге Маданият министрлигинен айтып беришти.

    Эл чарбачылыгынын жетишкендиктеринин көрсөтмөсү (ЭЧЖК)

    «Сонун жерибиз бар эле — ЭЧЖК. Ал жерде борбордук көчө, павильондор, аягында сонун сейил бак, фермалар бар эле. Жанында ак куулар жашаган эки көлмөсү бар эле. [...] Бош убактыбызда ал жакка сейилдеп келчүбүз. Ал сейил багын азыр эмнеге айландырышты, бул кылмыш да», — дейт архитектор Олег Лазарев.
    Азыр ЭЧЖК эркин экономикалык аймакта (ЭЭА), айланасы дубал менен тосулган. Башкы павильондун имараты республикалык маанидеги эстеликтер тизмесине кирет, бирок көп жылдан бери кароосуз турат. Бир нече жыл мурун атайын комиссия имаратты текшерип чыгып, имаратка капиталдык оңдоо керек деген бүтүм чыгарган.
    ЭЧЖКнын азыркы аймагы / Фото: Peshcom
    1996-жылы имаратты 97 жылга ижарага Түштүк Корея корпорациясына беришкен. Ал эми имаратты коргоо милдети «Бишкек ЭЭАнын башкы жетекчилигине жүктөлгөн.

    «ЭЧЖКнын аймагынан кол үзгөнүбүз аянычтуу. Шаар аны коомдук жай, дем алыш күндөрү сейил багы катары жоготуп алды», — дейт Наталья Андрианова.

    Бирок, ЭЧЖКнын тагдырына кайдыгер карабаган адамдар да бар. «Менин чоң апам жанында иштечү, ошондуктан мен ЭЧЖК жөнүндө көп укчумун. [...] Мен макалаларды иликтеп чыктым, бул темага шыктанып, сүрөттө болсо да ал жерге жашоонун кайтып келишин кааладым», — дейт архитектуралык дизайнер Юлия Козырева. Өзүнүн дипломдук ишинде ал ЭЧЖКны коомдук аймак катары калыптандыруу долбоорун иштеп чыкты.
    Фото: Юлия Козыреванын долбоору

    «Ысык-Көл мейманканасы

    Акыркы ондогон жылдардан бери мейманкана бош турат, андагы мүлктү, белгисиз адамдар мейманкана комплексинин аймагына киришип, ташып, жок кылышты. Өкмөт бир нече жолу аны калыбына келтирүү аракетин жасады эле, бирок бюджетте каражат жетишсиз болду.

    2020-жылы "Ысык-Кол" мейманканасы кайтадан чуу жаратты, бирок бул жолу аны оңдоп чыгууга байланыштуу эмес. Октябрда бийлик алмашкандан кийин, ал имаратты азыркы президент Садыр Жапаровдун тарапташтары ээлеп алышты — ал жерден алар аракеттеги бийликке өз талаптарын жолдоп жатышты.
    Сторонники Жапарова возле гостиницы Иссык-Куль
    "Ысык-Көл" мейманканасынын жанындагы Садыр Жапаровдун тарапташтары / Фото: АКИpress
    2021-жылы мекемелер аралык комиссиясы «Ысык-Көл мейманканасы 37 жыл мурун курулган, «өтө канааттандыраарлык эмес абалда, пайдаланууга болбойт жана архитектуралык баалуулугун жоготту деди. Имаратты эстелик макамынан ажыратып, эми бузуп салышы мүмкүн.
    Здание гостиницы Иссык-Куль
    "Ысык-Көл" / Фото: Peshcom
    «Имаратты сактап калуу үчүн системалык ыкма, тажрыйбалуу менеджер, максаттуулук керек. Аны ким жасайт? Бизде ким эмне үчүн жооп берет? Эч кандай байланыш жок», — дейт архитектор Лазарев.

    Эстеликтердин сакталышы үчүн ким жана кантип жооп берет?

    Эстеликтерди пайдаланып, сактоону жөнгө салган Кыргызстанда бир нече мыйзам бар.

    «Тарыхый-маданий мурасты пайдалануу жана коргоо жөнүндө мыйзамына ылайык, кимдин гана менчигинде болбосун, баардык эстеликтер сактоого жана корголууга жатат. Ага көз салууга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жоопкерчиликтүү. Ал текшерип турушу керек.

    Эстеликтерге коркунуч туудурган аракеттерге министрлик кийлигише алат, керек болсо милицияга кайрылып, аны коргой алат. Эстелик макамын жоготуп алуу коркунучунда турса, министрлик аны куткарып калууга аракет жасашы керек.

    Эстеликке ээлик кылып, же убактылуу аны пайдаланган жеке жана юридикалык тараптар да аларды коргоп, сактап калууга милдеттендирилет. Эгер алар имаратка кайдыгер мамиле жасаса, имарат бузулуп, талкаланса, мамлекет аны сот аркылуу кайтарып алууга укуктуу.

    Тарых жана маданияттын кыймылсыз эстеликтерин бузуу, башка жакка жылдыруу, алардын келбетин өзгөртүүгө тыюу салынат. Кандайдыр бир иш жүргүзүү үчүн маданият министрлигинен уруксат алуу керек, ал эми бузууга уруксатты мамлекет гана бере алат.
    Келбетин калкалап калган архитектура эстеликтеринин жанына курулган имараттар жана жарнактар: 1. Москва көчөсү, 156 дареги боюнча 1952-жылы курулган турак там; 2. Москва көчөсү, 164 дареги боюнча турак там; 3.Эркиндик бульвары, 34 дареги боюнча курулган турак там; 4. Совет жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде 1930-жылдары курулган мурдагы аманат кассасынын имараты / Фото: Peshcom
    Маданият министрлигинин маданият мурасты сактап жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Белекованын айтымында, мекеме текшерүүлөрдү такай жүргүзүп, эстеликтин келбетине эч кимдин кийлигишпешине көз салып турат. Анын бөлүмү эстеликтерди калыптандырууга каражат бөлгүлө деп жергиликтүү бийликке, өкмөткө кайрылып турат. Бирок азыр каржылоо жок.

    «Бишкекте азыр эч нерсени калыбына келтирбейбиз, азыр абал ушундай. Азыр объектилерди оңдоого каражат бөлүнбөйт», — дейт ал.
    Мамкурулуштун берген маалыматына ылайык, акыркы 10 жылдын ичинде Бишкекте республикалык бюджеттин эсебинен эстеликтерди куруу, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн эмес.

    Эстеликтин бузулушуна ким жооп берет?

    Эстеликтердин сактыгы үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдарда, жергиликтүү башкарууда, жеке жана юридикалык тараптарда.
    Тарыхый-маданий мурас объектисине зыян келтирген жеке жана юридикалык тараптар аны калыбына келтирип, ал эми калыбына келтирүү мүмкүн болбосо, келтирилген зыяндын ордун толуктап берүүгө милдеттүү.

    Кызматкерлер кээде жарнак же эстелик имараттын кейпин уруксатсыз өзгөртүү үчүн эскертүү же жаза пул салаарын маданият министрлигинде билдиришти. Бирок адатта ал иш ошону менен гана чектелет.

    Мыйзамда эстеликтерди коргоп жана сактоо талаптары так жазылганына карабастан, иш жүзүндө алар аткарылбайт. Эстелик макамынан ажыраган урап түшкөн, кароосуз калган имараттардын кейпинен муну көрсө болот.

    Бишкек архитектурасынын туристтик мүмкүнчүлүгү

    Гид-экскурсиячы Анна Сарыбаеванын айтымында, Бишкек өз архитектурасы менен тышкы да, ички да туристтерди оңой эле кызыктырып кетет.

    «Бишкекте архитектура эстеликтери абдан көп, алардын басымдуусун чет өлкөлүк гана эмес, бишкектиктер да билбейт. Ошондуктан мүмкүнчүлүктөр зор», — дейт ал.

    Учурда Анна шаар боюнча үч маршрутта экскурсия жасайт, дагы экөө даярдалып жатат. Көпчүлүк эстеликтер тууралуу маалымат ачык булактарда жок. «Архивдерден маалыматты тапса, маршрут түзүп чыкса, шаар ичинде абдан көп экскурсияларды жүргүзсө болот».

    Гиддин айтымындагы дагы бир көйгөй, архитектураны ырайы суук жарнактар менен калкалап, туура эмес реставрациянын жасалышы.

    «Санкт-Петербург, Москва, Римдин маанилүү архитектуралык объектилери элге кеңири таанымал, көп киши аларды барып көрөт. Ал эми биздин объектилер Бишкектин тереңинде катылган, шаардыктар алар тууралуу кабары жок», — деп кейийт Анна.
    Конституционная палата Бишкек
    Экскурсиянын бир объектиси — Жогорку соттун Конституциялык палатасынын имараты, анын уникалдуу барельефтерин Ольга Мануйлова жасаган / Фото: Peshcom
    Сарыбаеванын пикиринде, элге таанымал кылуунун эффективдүү ыкмасы — мектеп жана университеттердин деңгээлинде экскурсия жүргүзүү, жаштардын кызыгуусун жаратуу. «Канчалык көп адам билсе, алар өз билимин башкаларга таратат», — дейт ал.

    Архитектуралык мурасты сактап калуу тажрыйбасы

    Архитектура эстеликтери Бишкекте гана эмес, бүткүл дүйнө боюнча жок кылынат. Адатта, алардын ордуна жаңы курулуштар тургузулат. Муну менен кантип күрөшсө болот?

    20-кылымдын аягында Улуу Британияда SAVE Britain's Heritage коомдук уюму ачылып, ал көп жылдардан бери Европанын архитектуралык мурастарын куткарып келет. Уюм мыйзам долбоорлорун сунуштап, аларды иштеп чыгат, бизнес менен иштешип, имараттарды калыбына келтирүү үчүн инвесторлорду тартат.

    Ийгиликтүү долбоорлор катары SAVE саясатчы жана бизнесчилерге тарыхый-архитектуралык мурастар киреше алып келээрин көрсөтүшөт. Мисалы, эски тамдагы батирлер жаңы тамдагы батирге салыштырмалуу кымбат турат, ал эми тарыхый жерде ачылган кафе туристтерди тартат.

    Россияда "Рубль үчүн үй" программасы иштей, анын жардамы менен инвесторлор эстелик имаратын сатып алып, же жеңилдетилген шартта ижарага алып, аны толугу менен оңдоп чыгууга милдеттендирилет. Айрым шаарлардагы эски имараттарда кеңсе, кафе, дүкөн жана мейманканалар ачылды.
    Томскийдеги "Рубль үчүн үй" программасынын алкагында толугу менен оңдолгон имарат / Фото: tv2.today
    Архитектураны сактап калуу аракетин Караколдун жигерчилери да жасап жатат. 2019-жылы «Том Сойер Фестивалында» түшкөн каражаттын эсебинен алар 19-кылымдын аягында курулган жана шаардын чок ортосунда жайгашкан нотариус Пьянковдун үйүн оңдоп чыгышты. Совет мезгилинде ал үйдө жатакана, жер иштетүү бөлүмү жана аймактык комитети жайгашкан. Учурда ал жерге бала бакчасы ачылган.

    Фестивалга даярданып жатып, жигерчилер имараттардын кошумча тизмесин түзүп, аны тарыхый-маданий мурас реестрине киргизишип, депутаттар аны жактырып беришти.
    Имаратты калыбына келтирүү / Фото: МВО «Лидерство»
    «Эстеликтерди жалпы жолунан сактап калуу мүмкүн экенин фестиваль көрсөттү, болгону анын үстүндө иштөө керек. Тилекке каршы, архитектура эстеликтерин сактоо стратегиясы жок, а бул болсо туристтерди тартуу мүмкүнчүлүгү да. Азыр болсо, өзгөчөлөнгөн имаратта жок болуп бара жатканын көрүүдөбүз», — дейт «Лидерлик» жаш жигерчилер уюмунун жетекчиси Анастасия Стыценко.

    Гид-экскурсовод Анна Сарыбаева да Бишкектеги архитектуралык мурасты сактоого аракет жасамакчы. Учурда ал Терентьевдин үйүн калыбына келтирүү долбоорун иштеп чыгууга катышууда.

    Айтымында, каржылоо табылса, ал тамда жер таануу музейин ачып, меймандар шаардын тарыхы менен тааныша алмак. Азыр Анна калыбына келтирүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн Терентьевдин туугандарын, же тамды анын бузулушуна чейин көргөн, же колунда анын сүрөттөрү бар адамдарды издеп жатат.


    Материал үстүндө иштегендер: Алексей Журавлев, Адеим Убакеева
    Редактурасы: Рада Валентина кызы, Анна Капушенко
    Котормочу: Асель Джоокаева
    Данные: анализ
    Карта