Эң мыкты ондукка кирген каттамдар эң чоң суроо-талапка ээ жана дайыма толук жүрөт болушу ыктымал. Ошондуктан, алар
интервалдын кыскартылышына, линияда жүргөн
автобустардын санынын көбөйтүлүшүнө муктаж болушу мүмкүн.
Орточо эсептегенде, бул каттамдардын узундугу кыскараак. Бишкекте 10Т жана 11Т электробустарынын каттамдары эң кыска. Маалымат талдоосу көрсөткөндөй, узагыраак маршруттар
“бош” километрлер менен мүнөздөлөт. Башкача айтканда, андагы суроо-талап тең бөлүнгөн эмес: автобустар жолдун бир бөлүгүн аз сандагы жүргүнчүлөр менен, калган бөлүгүн – жык толуп жүрүшөт. Албетте, алар негизги магистралдардан алыс жайгашкан райондордогу жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн мааниси чоң болушу мүмкүн.
Эң төмөн PVK-көрсөткүчүн №66 жана №2 электробустары, №1 (Бишкек — Ала-Арча жаратылыш паркы) жана №153 (Бишкек - “Манас” аэропорту) экспресс-каттамдары көрсөттү.
Азыркы учурда бул каттамдарда чоң 12 метрлик автобустар жүрөт, алар суроо-талап чоңураак болгон каттамдарга чыгып, көбүрөөк эл ташый алмак.
2026-жылы мэрия каттамдарды кайрадан “оптималдаштырууну” көздөөдө: узун каттамдардан баш тартып, кыска, айлампа боюнча жүрүүчү, магистралдык маршруттар киргизилмекчи. «
Мисалы, азыр №9 автобус 12-кичи райондон чыгып, шаарды аралап, Сокулук районунун аймагына чейин барат. Мындай болбошу керек. Оптимизация бизге интервалды кыскартып, системаны жакшыртып берет» – деп, Транспорт департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев пикирин билдирди.
Анын айтымында, жүргүнчүлөр көбүрөөк автобус которууга мажбур болушат, бирок жолго кеткен убакыт кыскарат. Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болсун деп, 1 саат ичинде акысыз унаа которуу системасын киргизүү пландалууда.
2013-жылы JICA жапон изилдөө тобу Бишкекте ушуга окшош, магистралдык жана аларга жеткирип келүүчү каттамдары бар системаны (trunk-feeder system) өздөштүрүүнү
сунуштаган. Жол кыймылы ушундай уюштурулганда, борбордук көчөлөрдө бир нече мүнөт сайын чоң, көп жүргүнчү батыра алган автобустар же троллейбустар жүрүшү керек. Ал эми экинчи даражадагы көчөлөрдө, турак райондордо – жарандарды унаа которуу түйүндөрүнө чейин жеткире турган транспорт жүрүшү керек.
«
Узун каттамдардан кыскараактарына өтүү тутумдун натыйжалуулугун жогорулата алат. Бирок, мындай учурда магистралдык каттамдардагы транспорт үзгүлтүксүз, тез, тынбай жүрүшү керек. Ал эми аларга жеткирип келүүчү маршруттар ар бир районго шайкеш уюштурулушу зарыл. [...] Аба-суудай маанилүү болгон бир шарт – жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу унаа которуу түйүндөрү керек. Жүргүнчү жолдорду кесип өтпөй, көпүрөлөрсүз, жер асты же үстүндөгү өтмөктөрсүз, башка автобуска шар отура калгыдай болушу зарыл. Антпесе мындан майнап чыкпай, алда-канча чоң маселелер жаралат. Эгер мындай каттамдар начар уюштурулса, система тескерисинче начар иштеп калат» – деп, урбанист Ерканат Заитов түшүндүрдү.