Күнүнө ондогон тонна. Бишкектиктер тамак-аштын таңгагын дароо эле ыргытат, бирок бир тобун кайра иштетсе болот

24 апрель 2023

Күнүнө ондогон тонна. Бишкектиктер тамак-аштын таңгагын дароо эле ыргытат, бирок бир тобун кайра иштетсе болот

24 апрель 2023
Этот материал можно прочитать на русском здесь.

This article is available in English at this link.


Ар башка маалыматтарга ылайык, Бишкекте күн сайын 870тен 1000 тоннага чейин таштанды чогултулат. Жарымынан көбү — саргайган жалбырак, чабылган чөп сыяктуу табигый таштандыдан турган органикалык жана тамак-аштын калдыктары — жашылча-жемиштин кабыгы, мал-жандыктарынан алынган азыктар.

Көпчүлүк тамак-аш калдыктарынын жолу дүкөн текчелеринен башталат: суусундуктар, бакалеядан чыккан калдыктар, кондитер азыктары жана колбаса — Бишкектин дүкөндөрү дүр-дүйүм даамга толгон. Азыкка кошуп түрдүү таңгактарды да сатып алабыз, алар дагы тамак-аштын калдыгы менен бирге таштанды челекке ташталат, андан кийин шаардык полигонго төгүлөт.

Бишкекте азык-түлүк кандай таңгакталаарын аныктоо үчүн, ири гипермаркет түйүндөрүнүн биринин сайтында көрсөтүлгөн 6 миңден ашуун азыкты анализдедик. Бул таңгактардын кайсынысы кайра иштетилет, кайсы иштетилбейт — бирге байкап көрөлү.

Тамак-аштын көбү пластикке салынат

«Калдык чыгарбай жашап көрсөңүздөр. [...] Сатып алуулар экологиялык таза болсун: кийинки жолу пластикке салынбаган азыктарды тандаңыз», — деп кеңеш берилет БУУнун айлана чөйрөнү коргоо боюнча программасында. А бирок Бишкектин супермаркеттеринин реалдуулугунда бул дээрлик мүмкүн эмес — миңдеген азыктарды изилдеп чыккандан кийин, алардын 95%ы кайсы бир материал менен таңгакталарын аныктадык.

Ошол эле учурда, тогуз товардын жетиси жарым жартылай же толугу менен пластикке оролот. Калганы кагазга, картонго, темирге, алюминийге, жыгач, айнек жана аралаш материалдардан жасалган таңгактарга салынат.

Тигил же бул товар кандай таңгакталганын атайын маркировкадан көрсөңүз болот. Маркировканы кээде кайра иштетүү коду деп атап коюшат, бул калдыктарды иргөө жана кайра иштетүүнү жеңилдетет. Көбүнчө мындай код атайын үч бурчтуктун ичине ♻ сан жана тамга түрүндө жазылат. Мисалы алюминийден жасалган материал 41 деген кайра иштетүү коду менен белгиленет же ALU деп жазылат.
Иллюстрациялар: Лекс Титова

Кайра иштетилбеген таңгактар

Супермаркеттин текчесиндеги ар бир үчүнчү азыктын таңгагы же анын бир бөлүгү Кыргызстанда кайра иштетүүгө мүмкүн болбогон материалдардан жасалат (айрымдары — дүйнөнүн эч бир жеринде кайра иштетилбейт). Аларды кайра иштетүүчүлөр кабыл албайт, экинчи сырьё жасалбайт. Бул көбүнчө пластикке тиешелүү.

Кайра иштетилбей турган пластиктин кеңири тараган түрүнө 7 же «Other» деген маркировка коюлат. Бул ар башка заттардын же пластиктин аралашмасы, кайра иштетүүнүн башка коддоруна туура келбейт.
«Жети» маркировкасы Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө деле кайра иштетилбейт. Аны менен катар, мындай таңгакта уулуу заттар болушу мүмкүн. Пластиктин башка түрлөрү деле колдонууда, кайра иштетүүдө уулуу заттарды бөлүп чыгарат, анын ичинде 3 (мисалы, тоңдурулган тооктун алдына салынган желим) жана 6 (йогурттун идиши) деле бар. Greenpeace сыяктуу эл аралык уюмдар алардан таптакыр баш тартууну сунушташат.

«Коркунучтуу химиялык кошулмалар чийки затты алууда жана иштетүүдө пайда болот. Колдонуу учурунда пластикке жаңы уулуу заттар кошулат, ал эми пластик таштандыга айланганда айлана-чөйрөнү жана биз жеп аткан тамак ашты булгайт», — деп айтылат Эл аралык экологиялык укук борборунун баяндамасында.

Борбордун маалыматына караганда, пластик буюмдарды колдонууда адамдар микропластиктин кырындыларын жана жүздөгөн уулуу заттарды жутуп алат же дем алат. Алар өз кезегинде онкологиялык ооруларды пайда кылып, өсүүнү жайлатып, эндокриндик жана нерв системасынын дарттарын козгойт.
Иллюстрация: Лекс Титова
Андан тышкары түрдүү эритмелер, желимдер жана пластик, картон, кагаз, алюминий же калайдан жасалган таңгактар кайра иштетилбейт.

Мисалы, Кыргызстанда «тетрапак» — сүт же жемиш ширесинин көп катмарлуу катуу идиши — кайра иштетилбейт. Алар бир караганда кадимки картонго окшош. А чынында, мындай таңгак бир сыйра алюминий, бир нече жолу полиэлиен менен капталат. Анан калса, бул материалдарды бири-биринен ажыратуу — оңой иш эмес.

Башка мамлекеттерде мындай таңгактарга экинчи өмүр берүү үчүн атайын заводдор курулат. Анткен менен, керек болсо Евробиримдиктин өнүккөн өлкөлөрүндө дагы тетрапактын калдыктарынын жарымы гана кайра иштетилет. Ал эми Орусияда мындай таңгактын болгону 5%ынан гана кайра башка буюм жасалат.

Бишкекте кайра иштетилбей турган таңгактар түз эле шаардык таштанды полигонуна жеткирилет. Полигондо андан да майда бөлүктөргө бөлүнүп, жер кыртышын жана сууну булгайт. Таштанды полигонундагы түбү жок түтүндүн башаты дагы ушулар. Натыйжада уулуу түтүн менен жакын жашаган тургундар гана эмес, бардык шаардыктар дем алат.
Иллюстрация: Лекс Титова

Тонналап киргене пластик

Кыргызстандагы дүкөн текчелерине пластик кайдан келет? Биздин анализге ылайык, сатыкка чыккан азык-түлүктүн төрттөн бири гана Кыргызстанда өндүрүлгөн. Калганы ЕАЭБ жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн импорттолот.

Кайра иштетилбей турган таңгакка салынган товар импортунун көлөмүн салыштыруу үчүн өлкөгө алып кирүүдөгү бардык майда-барат маалыматты анализдеп, андан соң аларды таңгагын кайра иштетүүгө тыюу салынган, көп кездешүүчү товарлардын категориясы менен салыштырдык.

Өткөн жылы Кыргызстанга 1 млрд доллардан ашуун суммага азык-түлүк алып киришкен. Негизги импортёрлор — Орусия (импорттун дээрлик жарымы), Казакстан жана Өзбекстан.

Биздин салыштыруу көрсөткөндөй, таңгагы кайра иштетилбеген импорттук товардын негизгилери — тез даярдалуучу тамак-аш, түрдүү татымалдар, чай, кофе, шоколад жана момпосуй. Булар Кыргызстанга киргизилген, кабыгы кайра иштетилбей турган таңгактуу товардын дээрлик жарымын түзөт.

Мисалы, дой-пак түрүндөгү таңгактар, «беш мүнөттө» быша турган ботколордун же кесмелердин пластик баштыгы, момпосуйдун кагазы, кофе салынуучу баштык же сашет.
Бул товарлардын арасында биринчи орунда — тез даярдалуучу тамак-аш. Өткөн жылы Кыргызстанга мындай товардан 24 тонна кирген — бул 4 миң орточо пилдин салмагына барабар.

Экинчи жана үчүнчү орунда шоколад, момпосуй, чай жана кофе — бул азыктар орточо 16 миң тоннага жакын кирген. Мынчалык көп чай менен кофени Кытай, Индия, Түндүк Америка жана Кыргызстандын калкына демдеп берсе жетмек.

Анан албетте 11 миң тонна татымал — негизинен майонез жана кетчуп. Бул көлөм менен дээрлик беш олимпиадалык бассейнди толтурса болот.

Анан калса, колбаса менен сосиска дагы көбүнесе кайра иштетилбей турган пластикке салынат, бирок негизинен Кыргызстанда өндүрүлүп, импорттолбойт.

Бөтөлкө, капкак, баштыктар: эмнени кайра иштетсе болот?

Анализденген азыктардын таңгактарынын 53%га жакыны кайра иштетүүгө мүмкүн болгондор. Бул экологиялык көз караштан гана эмес, экономикалык жактан дагы пайдалуу — калдыктардан экинчи сырьё жасап, ал тургай сапатын жоготпостон кайра өндүрүүгө болот.

Мисалы, таштанды челекке төгүлгөн пластиктен гранула, флекс (пластик кабырчыктар), синтепон жана башка материалдар жасалат. Кайра иштетилген пластмассадан ар түрдүү буюдар пайда болушу мүмкүн: шланг менен чакадан баштап, бут кийим же суу куюлуучу жаңы бөтөлкөгө чейин.
Иллюстрация: Лекс Титова
Кыргызстанда пластик, металл, макулатура, текстил, өндүрүш жана органикалык калдыктарды кайра иштетип, экинчи сырье жасаган 80ден ашуун завод иштейт. «Калдыктар — жаңы киреше» изилдөөсүнө ылайык, 2022-жылдын 9 айына карата Кыргызстан 44 млн долларга баалаган пластиктен жасалган экинчи сырьёну Орусия жана Борбор Азия мамлекеттерине экспорттогон.

Кыргызстанда кайра иштетүү потенциалы жогору болгону менен, реалдуу турмушта бир катар кыйынчылыктар бар. Мисалы, калдыктарды иргөөчү «Тазар» уюлдук колдонмосун иштеп чыккандардын бири Аймээрим Турсалиеванын айтымында, Кыргызстандагы пластикти кайра иштетүүчүлөр экинчи сырьёнун сырткы көрүнүшүнө көбүрөөк маани берип, «көз өлчөм» менен баалашат. Маркировкага көңүл бурушпайт.

«Кайра иштетүүчүлөр форманын тилинде сүйлөшөт. Пластикти кармалап, керектүүсүн көз менен көрүп аныкташат. Мисалы, пластик канчалык калың болсо, ошончолук кызыгып алышат. Өтө жумшак пластиктен гранула жасаган оор жана кымбатка түшөт», — деп түшүндүрдү Турсалиева.

Кайра иштетүүчүлөр ичимдиктердин — кола же минералдык суунун PET-бөтөлкөлөрүн, алардын капкактарын, бир жолку колдонуу үчүн катуу идиштерди, контейнерлерди, полиэтилен баштыктарды жигердүү кабыл алышат деп ишенимдүү айтууга болот.

Экинчи сырьёну кабыл алуу жоболорунун баарында пластикти өткөрүштөн мурда тамак-аштын калдыктарынан тазалап, жууп, кургатыш керек деп жазылган. Аймээрим Турсалиеванын айтымында, бул кир бөтөлкө же идиш жабдууларга доо кетирбесин деген максатта айтылат — кайра иштетүүчүлөр үчүн жабдууларды оңдоткондон көрө, экинчи сырьёдон баш тартканы жеңилирээк болот.

Турсалиеванын айтымында, Кыргызстанда кагаз менен картондон экинчи сырьё жасай турган көлөм чогулбайт. «Болгону 30-40% чогулат, калганын чет өлкөдөн алып келебиз», — дейт эксперт. Бул тигил же бул продукция — мисалы, даарат кагаз чыгарууга таасирин тийгизет.

Тамак аш салынган металл таңгактарды кыйылып жатып алышат. Кайра иштетүүчүлөрдүн айтымында, ошол эле консерва банкалары жеңил болгону менен көп орунду ээлейт. Мындан улам аларды «хлам» деп атап, иштетүүдөн мурда жетиштүү көлөмгө чыгуу үчүн көп убакыт чогултушат.

Дагы эмнелерди таптык

Товардын болжол менен 6%да таңгактарында кайра иштетүү коду жок болуп чыкты. Айрымдарында компоненттеринин маркировкасы көрсөтүлбөй же саны, тамгасы жазылбаган үч бурчтук тартылганы да бар.

Мисалы, мындай көрүнүштү кадимки чайды анализдеп жатып байкадык: чайдын көпчүлүк түрү картон кутуга салынган, бирок ичинде дагы бир кошумча баштыкча бар. Кутуда картондун маркировкасы жазылганы менен, ички баштык эмнеден жасалганы белгисиз.
Кыргызстан мүчө болгон ЕАЭБдин Бажы союзунун «Таңгактын коопсуздугу жөнүндөгү» техникалык регламентине ылайык, өндүрүүчүлөр товарларына кайра иштетүү маркировкасын коюуга милдеттүү.

«Маркировкага чогултууну жана кайрадан колдонууну жеңилдетүү максатында таңгак даярдалган материалды идентификациялоочу маалымааттар жазылышы керек», — деп айтылат документте.

Ушуга окшош талаптар дээрлик дүйнө жүзүнө тараган, мисалы Евробиримдикте.

Активисттер менен аткаминерлер калдыктар маселесин чечүүгө кандай аракет көрүүдө?

Ар башка жылдары Бишкек мэриясы таштандыны иргеп чогултуу пункттарын уюштуруу аракетин көргөн. Бирок азырынча, мындай демилгенин бири да жыйынтык бере элек.

Мисалы, жакында эле Кыргызстандын борбор кааласында экинчи сырьёну иргөөчү бир нече пункт ачылган. Короолордун биринде кадимки таштанды челектердин ордуна ушундай урналар коюлуп, аралаш калдыктарды салуу мерчемделген.

Бирок мэрия шаар тургундарына жаңы пункттарды пайдалануунун эрежеси жана таштанды иргөөнүн мааниси тууралуу жеткиликтүү маалымат кампаниясын жүргүзгөн эмес. Натыйжада тургундар челектерге таштандыны иргебестен төгүүнү улантышкан, ал эми шаардык кызматтар — мурдагыдай эле таштандыны шаардык полигонго ташып кетип турган.

Ошентсе да, экологиялык аңсезимди калыптандыруу жаатында жакшы жыйынтыктар бар — көбүнчө жергиликтүү демилгелер жана активисттердин күчү менен.

Мисалы, Кыргызстанда бир нече жылдан бери иштеп жаткан «Тазар» уюлдук колдонмосунун жардамы менен калдыктарды кантип туура иргеш керек, экинчи сырьёну кабыл алуучу уюмдардын дарегин жана кайра иштетүүчүлөр менен байланышуу жолдорун билсе болот.

Ошондой эле, Кыргызстанда таштандыны бөлүп чогултуучу контейнерлер пайда боло баштады. Мисалы, Begreen деп аталган кайра иштетүүчүлөр республиканын бардык аймактарына РЕТ-пластик салына турган, бөтөлкө формасында жасалган 530 урна орноткон. Ал эми Kirpi экодолбоору Кыргызстандын аймактарында экинчи сырьё чогултуу пункттарын гана ачпастан, пластикти кайра иштетип көчө эмеректерин жасайт.

Түбү жок «таштанды реформасы»

Таштанды полигону, же болбосо шаардык таштанды талаа Бишкектен бөлүнгүс. Ал борбор калаанын Биринчи май районуна карайт жана өз билемдик менен басып алуудан улам пайда болгон бир нече калктуу конуштар — Алтын-Казык жана Калыс-ордо менен чектешет. Тагырак айтканда бир километрден ашпаган аралыкта орун алган.

Полигон 1978-жылы курулган. Ал кезде азыркыдай көлөмдөгү жана көп түрдүү таштандыга, мынча узак убакытка шартталган эмес болчу.

Калдыктар маселесин чечүү максатында, мындан 10 жылдай мурда Бишкекте «таштанды реформасы» башталган. Анын натыйжасында полигондо рекультивация жасалып, коңшулаш аймакка жаңы полигон жана таштандыны кайра иштетүүчү завод курулмак. Бул максатка Кыргызстан Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 22 млн евро алган: жарымы насыя, калганы — грант.

Бүгүнкү күндө 22 миллиондон болгону алты млн калган — мындай жыйынтыкка «Азаттыктын» журналисттери келген. 5 млнго жакыны атайын техника жана Бишкек шаары үчүн контейнерлерди сатып алууга кеткен. Калган акча кайда жумшалганын ушул тапта төрт кылмыш ишин козгогон прокуратура, Эсептөө палатасы жана Жогорку Кеңештин комиссиясы териштирип жатат.

Ошентсе да, Бишкек мэриясы бул долбоорду аягына чыгаруудан үмүтү үзүлбөй келет. «Таштанды полигону — кудай буюрса, мен бул маселени аягына чыгарам», — деп билдирген 2022-жылдын башында кызматка дайындалгандан кийин шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров.

Ал эми дагы бир жылдан кийин — таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна капсула салам деп убада берген. Чынында бул жумуштар башталат деген кепилдик деле эмес. Буга чейинки калаа башчыларынын бири Суракматов 2019-жылы жаңы полигондун дубалын көтөрүүгө каада менен барып капсула салган — бирок бишкектиктер дагы деле жаңы таштанды жайын көрө элек.
Автор: Алексей Журавлев
Маалыматтар менен иштөө: Алексей Журавлев, Амина Рафаэльева
Ментор жана дата-редактор: Савия Хасанова
Текстти редактирлеген: Савия Хасанова, Дмитрий Мотинов
Кыргызчалаган: Бегайым Талантбекова
Автор: Алексей Журавлев
Маалыматтар менен иштөө: Алексей Журавлев, Амина Рафаэльева
Ментор жана дата-редактор: Савия Хасанова
Текстти редактирлеген: Савия Хасанова, Дмитрий Мотинов
Кыргызчалаган: Бегайым Талантбекова
Бул материал «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен IDEA Борбордук Азия тарабынан уюштурулган MediaJasa долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Башка материалдар: