Селкинчек менен жылгаякка 400 бала. Бишкектеги жеткиликтүү (эмес) балдар аянтчалары жөнүндө

9 ноября 2022
Бул материалды орус тилинде бул жерден окуса болот.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2021-жылга карата Бишкекте 14 жашка чейинки балдардын саны 320 миңге жакын. Алар бала бакча жана мектептерге гана барбастан, шаардын инфраструктурасынын өзөгүн түзгөн балдар аянтчасын дагы активдүү пайдаланышат.

Шаардагы балдар аянтчалары тегиз жеткиликтүүбү? Алардын сапаты кандай? Стандарттарга туура келеби? Биз бул суроолорго жергиликтүү аймактык башкармалыктардын (ЖАБ) биринин мисалында жооп берүүгө аракет кылдык.

«Такыр жердеги эскилиги жеткен аянт»

Январь. Жумушчулар шаарчасынын чок ортосунда жайгашкан чакан сейил бакка жакын жайгашкан жер тамдардан тараган түтүн сиңип калгандай. Талкаланган асфальт менен кейпи кеткен жыртык тор дубалды бойлоп бешик араба сүйрөгөн Аким баратты. Ал төрт баланын атасы, өзү такси айдап оокат кылат.

Бешик арабада Султан* отурат – Акимдин эки жашар уулу. Атасы үшүгөн колдору менен алаксытканына карабай наристе чыргоолой баштады. «Аа, сен өзүн баскың келип жатабы, тур анда», — дейт ал уулуна, арабадан түшүрүп жатып. Атасы менен уулу сейил бак менен аянтчаны айланып өтүп, жолго чыгышты.

*Атасынын суранычынан улам баланын аты өзгөртүлдү
1-2. Жумушчулар шаарчасындагы чакан сейил бактагы балдар аянтчасы, 2020-жылдын январь айы
3. Жумушчулар шаарчасындагы балдар аянтчасында мектеп окуучулары сейилдөөдө. Сүрөт: Алексей Журавлев / Peshcom
Таштандылар, дат баскан турник, селкинчектер Акимге да, Султанга да жаккан жок. «Биз бул жерде такай сейилдейбиз, бирок бул жерде шарт жок. Баарын жаңыртып, тазаласа жакшы болмок. Баары эскирген, такыр жер», — дейт аянтчага баш бакпаган ата.

Кышкысын ал жерде тирүү жан табуу кыйын. Маал-маалы менен мектептен келе жаткан балдар аянтчаны айланып өтөт. Кээде аба ырайы жылуу болсо, ал жерде футбол ойношот.

Күн жылыганда бул жер өзгөрө түшөт – аянтчага ар түрдүү курактагы балдар келет. Себеби бул — Жумушчулар шаарчасындагы жалгыз балдар аянтчасы.
1. Жайыкысын Жумушчулар шаарчасындагы балдар аянтчасы элге толот
2. Балдар аянтчасынын жанында балдар волейбол ойноодо, 2022-жылдын июнь айы. Сүрөт: Алексей Журавлев / Peshcom
Жергиликтүү тургундардын айтымында, сейил бакты калыбына келтиребиз, жолдорун оңдоп, электр жарыгын өткөрүп, бак-дарак отургузуп, иретке келтиребиз деген убаданы райондук ведомстволор жыл сайын айтат. Жай айларында чындап эле ЖАБ бул пландарды ишке ашырууга киришип, жыл аягына чейин бүтүрүп, алтургай футбол талаасын жасатып бермек.

Күздөгү аянтчаны жакшыртуу боюнча башталган иштин фонунда илинген айрык баннерде жакшыртуу иштерин мэрия менен Бишкектин бир нече депутаттары демилгелегени жазылып турат. Сейил бакты жакшыртууга, ЖАБ берген маалыматка ылайык, бюджеттен 19 миллион сом бөлүнгөн.
сквер рабочий городок><meta itemprop=
Болочок сейил багы кандай болот. Сүрөт: Алексей Журавлёв / Peshcom

Жөө жүргүнчүлөр жете албайт

Жумушчулар шаарчасы №2 ЖАБга карайт. Бишкектин батышында жайгашкан бул райондо негизинен жер тамдар, бир канча көп кабаттуу үйлөр да бар. Мэриянын берген маалыматына ылайык, аймактык башкармалыктын карамагында 25 балдар аянтчасы бар.

Бирок 2ГИС картографиялык сервисинин жардамы менен биз бул жерден 32 балдар жана воркаут аянтчасын таптык: алардын жарымы көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда жайгашып, экөө гана жер тамдардын арасында орнотулган. Калгандары сейил бак, мектеп жана башка окуу жайлары, көп кабаттуу үйлөр курулуп жаткан аймактарда жайгашкан.

Балдар аянтчасы — күнүмдүк пайдалануудагы объекти, ошондуктан, ар түрдүү өлкөлөрдүн курулуш нормаларына ылайык, алар жөө жүргүнчүлөр оңой жете ала турган жерде жайгашышы керек. Кыргызстандын нормалары, чет өлкөлүк нускамаларда, ошондой эле жөө жүргүнчүлөр жете ала турган концепцияда алар 300-400 метр алыстыкта жайгашып, жөө 5-10 мүнөттө жете тургандай бошушу шарт.
пешеходная доступность детских площадок><meta itemprop=
Маалыматтарды картага түшүрүү жана визуалдаштыруу: Алтынай Ногойбаева / Peshcom
№2 ЖАБдын балдар аянтчаларын иликтеп чыгып*, алар жер тамдарда жашаган тургундардын 63 пайызы үчүн жөө жете албай турган жерде жайгашканын аныктадык.
Бишкекте адатта көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жабык – бул аймактык башкармалыктагы көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы кеминде эки балдар аянтчасы башка тургундар үчүн жабык болот дегенди билдирет.

Жөө адамдар оңой жете алчу балдар аянтчаларынын жетишсиздиги маселесин чечүү үчүн бул жерге кеминде 54 аянтча куруп, аларды ЖАБдын ар кайсы аймактарына жайгаштыруу керек.

Уулум менен сейилдөө үчүн жолго 30 мүнөт кетет

Света күйөөсүн сүрөткө тартып жатат – ал төрт жашар уулун турникке көтөрүп, жардам берүүдө. Айни менен Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Журналисттер аллеясы» деп аталган сейил бакка бул үй-бүлө Төмөнкү Жалдан келди.

«Биз бул жерге жөө 30 мүнөттө жеттик – жол узак. Алыс жайгашкан. Бизде эки тандоо бар: же ушул сейил бакка келебиз же үйдүн алдында сейилдейбиз. "Ынтымак" паркка бармакпыз, бирок ал жерге жетүү үчүн унаа керек», — дейт Света.

Үйдүн алдында сейилдөөчү жай жок дейт ал. Болгону короодогу чакан гана аянтча бар. Ал жерде деле болгону жылгаяк гана бар.

Сейил бактагы балдар аянтчасы 2015-жылы гана курулду. Ага чейин бул жер ээн турчу.

«Жайкысын жакшы, бак-дарактар көп. Салкын, ырахаттанып сейилдей аласың. Селкинчек, жылгаяк, турник, воркаут-элементтери бар. Заманбап, абалы жакшы аянтча экени көрүнүп турат», — дейт Света.
детская площадка сквер аллея журналистов><meta itemprop=
«Журналисттер аяллеясындагы балдар аянтчасы, 2022-жылдын жай айлары. Сүрөт: Алексей Журавлев / Peshcom
Төрт селкинчектин бири гана иштейт, воркаут-аспаптары сынган, отургучтарды кимдир-бирөө талкалап кеткен.
1. Жерге төшөлгөн желимдерди балдар турникке жетүү үчүн пайдаланат
2. Воркаут-элементтер сынган
3. Балдардын көбү жылгаякта ойношот — анын абалы башкаларга салыштырмалуу жакшыраак. Сүрөт: Алексей Журавлев / Peshcom
Жергиликтүү тургундардын айтымында, аянтча иштей берсин десеңер, аны оңдоп чыгуу керек, ал андан ары да талкаланбасын десеңер – электр жарыгын өткөрүп, камера орнотуп, ага көз салып туруучу жоопкерчиликтүү адамды койуш керек. №2 ЖАБда берген маалыматка ылайык, быйыл аянтчаны оңдоого каражат жок.

Кадыреселик: жылгаяктар жана селкинчектер

Мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин маалыматына ылайык*, Бишкекте ЖАБлар тейлеген 817 балдар аянтчасы бар. Демек, орто эсеп менен алганда, ошондой бир аянтчада 14 жашка чейинки 391 бала ойной алат – Бишкекте болсо 320 миңге жакын бала жашайт.

Кыргызстандын курулуш документтерине ылайык, балдар аянтчаларынын минималдуу аянты бир балана 0,7 чарчы метрден алынып эсептелинет.
Ал аянтчанын көрүнүшү кандай. Сүрөт: Алексей Журавлёв / Peshcom
Биз Google Earth сервисинин жардамы менен №2 ЖАБдагы балдар аянтчаларынын болжолдуу аянтын өлчөдүк. Ал райондогу калктын жыштыгын эсепке алып, аянтчалардын төрттөн бири тиешелүү көлөмдөн аз экенин аныктадык.
Балдар аянтчаларынын окшоштугу да көзгө урунат, алар типтүү элементтерден турат: жылгаяк, селкинчек, тепкичтер, кум үйүлгөн жайлар жана турниктер. Ушундай эле аянтчаларды шаардын ар башка жерлеринен көрсөк болот.

«Бишкекте балдар инфраструктурасы өтө начар. Шаардагы балдар аянтчалары же эскирген, совет мезгилинде темирден жасалган, же азыр желимден жасалып түсү коркунучтуу. Элементтердин баары стандарттуу: жылгаяк, селкинчек, кээде турник бар. Балдар ал жерде айласыздан ойнойт», — дейт шаар чөйрөсүн өзгөртүү жана коомчулук менен иштеген «Шаардык демилгелер» коомдук фондунун менеджери Сайра Турдумамбетова.
1. №2 ЖАБдагы типтүү балдар аянтчасы
2. 5-кичи райондогу балдар аянтчасына авто унаалар токтотулат. Сүрөт: Алексей Журавлев / Peshcom
Инфраструктуранын чектелишинен улам балдар андай аянтчаларда ойноого кызыкпайт. Сайранын айтымында, балдарга интерактивдүү элементтер жетишпейт, алар оюндун ар түрдүү сценарийлерин ойлоп таап, колдонсо жакшы болмок.

«Ошондой элементтер баланын ой толгоосун өнүктүрөт. [...] Балдардын кыялы өтө бай. Аларды болсо зериктирген стандарттуу балдар аянтчасына түртөбүз. Ошондой эле табигый жаратылыш материалдарын пайдалануу керек. Аянтчалардын баардыгы темир жана желимден жасалган. Кичинекей балдар баарын кармалап көргүсү келет. Алар айлана чөйрө менен ошентип таанышат», — деп түшүндүрөт ал.

Балдар инфраструктуранын житкиликтүүлүгү

Курулуш нормаларына ылайык, турак жайларды жакшыртууда, алардын жанында сөзсүз балдар аянтчасы болушу керек. Бирок, адатта балдар жөнүндө акыркы кезекте ойлонуп, стандарттуу аянтчаларды жасап беришет.

Ал эми Бишкекти жакшыртууда балдар аянтчаларында кичи архитектуралык формалар бузулбастан жайгаштырылышы керек деген эрежелер такай бузулат.

Ошентип, сапаттуу жана ар түрдүу балдар аянтчалары саналуу гана жерлерде бар, мисалы, шаардын борборунда, чоң сейил бактарынын жанында же кымбат жаңы конуштарда гана.

«Балдар аянтчалары [Эркиндик гүлбагында] же түштүк тарапта жайгашкан кичи райондордогу сейил бактарда бар – бирок ата-энелердин баары эле күн сайын ал жактарга балдарын алып бара албайт. Мындай инфраструктура жакын жерде жайгашышы талап. Мындай абал шаардын негизги инфраструктурасын пайдаланууда шаардыктарды тең укуктуулуктан ажыратат», — дейт «Шаардык демилгелерде» иштеген Сайра Турдумамбетова.
Эркиндик гүлбагындагы балдар аянтчасы. Сүрөт: Алексей Журавлёв / Peshcom
Мындан тышкары, курулуш нормаларында Бишкек сыяктуу ири шаарларда «шаар жана райондук маанидеги сейил бактарында атайын балдар аянтчалары болушу талап» деп жазылган. Алардын көлөмү бир балага 0,5 чарчы метрден эсептелиши керек.

Бишкекте ушундай сейил бактары барбы деген сурообузду мэрия жоопсуз калтырды.

БУУнун (ЮНИСЕФ) балдар фондунун эл аралык консультанты Дарья Уткинанын айтымында, балдар аянтчаларынын жеткиликтүү жана ыңгайлуулугунун дагы бир көйгөйү, алар башка коомдук аймактардын ролун да аткарат. Мына ушундан улам келишпестиктер жаралат – өтө эле көп тургундар ал жерлерди пайдалангысы келет: балдар, өспүрүмдөр, чоң адамдар, кары-картаңдар жана ит баккандар.

Бишкектеги балдар аянтчаларынын абалы эмне үчүн ушундай?

Жыл сайын шаардын төрт районунда жайгашкан балдар аянтчаларын оңдоп-түзөөгө мэрия шаардык бюджеттен 400 миң сом бөлүп берет.

Ошондо, орто эсеп менен алганда, бир аянтчаны оңдоого жылына 500 сом чыгымдалат.

«Майда-чүйдө оңдоо иштерине, сырдоо, ширетүү иштерине жергиликтүү бюджеттен каражат берилет. Бөлүнгөн акча балдар жана спорт аянтчаларын оңдоого жетпейт», — дешет Свердлов акимчилигинин өкүлдөрү.

Мэриянын пландары

Бизнес жана курулуш компанияларын кызыктыруу аркылуу балдар аянтчаларынын санын көбөйтүү планда бар экенин мэриядан билдиришти.

«Шаардык кеңеш депутаттарын шайлоочулардын суроо-талабы боюнча мэриянын каражаттарына балдар аянтчалары курулат», — дешти мекемеден. Мисалы, 2022-жылы Биринчи Май районунда 17, ал эми Ленин районунда 15 балдар аянтчасы курулмак.

Бишкек мэриясы балдар инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча башка пландары менен бөлүшкөн жок. 2021-2026-жылдарга карата «Бишкек-2026. Жакшыртылган жана жашыл калаа» аттуу шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында балдар инфраструктурасын жакшыртууга көңүл такыр эле бөлүнбөйт.

Балдар инфраструктурасы кандай болушу керек?

Биринчи кезекте, балдар аянтчасы аны пайдаланган балага кызыктуу болушу керек. Ал үчүн ар түрдүү жаш куракты, жынысын, дене түзүлүшүн, ден соолугу сыяктуу талаптарды эске алуу зарыл.

Аянтчалар чакан тилкелерге бөлүнүп, мисалы, кичинекей балдар, чоңураак балдар үчүн деп, бөлүнүшү керек. Тилкелерди гүл, бак-дарак, кызыктуу инсталляциялар менен чектеп койсо болот.
1. Москвадагы «Салют» оюн аянтчасы
2.«Салют» аянтчасындагы кичинекей балдар үчүн тилке. Сүрөт: Ольга Алексеенко / Strelkamag
Ар башка жаш курактагы балдардын бири бири менен баарлашуусу өтө маанилүү деп эсептейт немис инженери, балдар жана оюн тилкелери боюнча эксперт Юлиан Рихтер.

Рихтердин пикиринде, эң негизгиси, маселе кандай аянтчаларды куруу керектигинде эмес, маселе, аларды кантип жасоо керек, себеби ал жер – оюн үчүн объекти. Ар бир долбоордо бала өз чечимин кабыл алууга шарт түзүүчү мүмкүнчүлүктөр эске алынуусу зарыл.
детская площадка сквер аллея журналистов><meta itemprop=
Алматыда ар кандай курактагы балдар үчүн оюн аянтчасы. Сүрөт: Aps Investment
Балдар аянтчаларын орнотуп жатып, кабыл алынган нормалар жөнүндө унутпоо керек. 2017-жылы Кыргызстанда ЕАЭС өлкөлөрүнүн «Балдар аянтчалары үчүн шаймандардын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламент кабыл алынган.

Мисалы, документте аянтча коопсуз, бышык материалдардан жасалып, тайгалак болбошу керек деп жазылган. Оюн тилкелерине жумшак, мисалы топурак, жыгач таарындысы же желим сыяктуу материал төшөлүшү керек. Балдар жана ата-энелер үчүн аянтчаны пайдалануу эрежелери жана ыкчам кызматтарынын телефондору жазылган такталар орнотулушу зарыл.

Балдар инфраструктурасы балдар аянтчалары менен гана чектелип калбашы керек. Бишкекте акысыз футбол, баскетбол, волейбол аянтчалары, теннис корттору дээрлик жокко эсе, алар шаардын айрым гана жерлеринде жайгашып, көбүнчө акы төлөнүүчү жайлар.
1. Мисал катары Стамбулдагы Алибейкёй спорт комплексиндеги скейтпарк
2. Стамбулдагы Наккаштепе улуттук багындагы муниципалдык баскетбол аянтчасы. Сүрөт: Алексей Журавлев / Peshcom

«Балдардын да пикири маанилүү»

«Шаардык демилгелерде» иштеген Сайра Турдумамбетованын айтымында, аянтчаларды долбоорлоодо балдардын катышуусу да өтө маанилүү.

«Аянтчаларды пайдаланган балдардан алардын пикирин эч ким сурабайт, алар эмне каалашаарына кызыгышпайт. Сураган күндө да, "жылгаяк болсунбу? велосипед жолу жасалсынбы?" деген суроолор гана берилет. Башкача айтканда, долбоор түзгөндөр өз ыңгайын гана ойлошот. Балдардын пикирин суроо өтө кызыктуу процесс», — дейт ал.

Долбоорлоого чогуу катышуу — элди чечим кабыл алууга кийлигиштирүүнү, ал эми шаардын аймактары бардыгы үчүн ыңгайлуу болуу ыкмасын башка өлколөрдө кеңири пайдаланышат.

Балдарды да катыштыруу аларда жоопкерчиликти жаратып, алар да өз шаарына, районуна, короосуна укугу бар экенин көрсөтөт. Алар суроо-талап коюп, өз пикирин жактоого үйрөнөт. «Балдар да, өспүрүмдөр да, аларды угуп, түшүнсө экен деп эңсешет», — дейт Турдумамбетова.

«Шаардык демилгелер» коомдук фонду «Бакай-Ата» конушунун тургундары менен чогу бир нече жылдын ичинде №85 мектептин аймагында коомдук жай түзүштү. Балдар, өспүрүмдөр жана пенсионерлер майнкрафт, интерактивдүү карта жана башка ыкмалар аркылуу өз ойлорун чагылдырышты.
«Бакай-Атадагы» аянтча долбоорлоого чогуу катышуу ыкмасы менен курулду / Peshcom; «Шаардык демилгелер» КФсу
«Бакай-Атадагы» долбоордун жыйынтыгы боюнча «Шаардык демилгелер» чогуу катышып долбоорлоо боюнча нускама даярдап, аны мэрияга көрсөтүп, муниципалитет аны пайаланат деп үмүттөнөт. «Мэрия жаңы ыкмаларга ачык болсо деп кыялданам, – дейт Турдумамбетова. – Чогу долбоорлоого канчалык көп адам катышса, түшунбөстүк дубалын талкалоо ошончолук жеңил болмок» .


Автору: Алексей Журавлев
Редактор: Рада Валентина кызы, Дмитрий Мотинов
Котормочулар: Асель Джоокаева, Бегайым Талантбекова

Материалдарды жазуу үчүн
биздин ишмердүүлүктү колдоп,
каражат которуңуз.
Толук маалымат бул жерде

Башка материалдар: