Митингдин катышуучулары жаныбарлар жана табият менен таттуу мамиледе болмоюн өлкө өнүкпөйт деп эсептешет. Өлкөдө жолбун ит-мышыктарга арналган мамлекеттик баш калкалоочу жайлардын жоктугунан жаныбарларга жасалган ырайымсыз мамилеге кайдыгер карап тура албагандар өз алдынча чакан баш калкалоочу жайларды же убактылуу кармоочу пункттарды ачууда. Бирок алар көпчүлүк учурда ар түрдүү көйгөйлөргө кабылат, кээде аларга түздөн-түз коркутуулар келет.
Мисалы, былтыр сентябрь айында жаныбарлар үчүн ачылган баш калкалоочу жай
өрттөнүп кеткен. Анын уюштуруучусу, Александр Уваровдун ою боюнча, атайылап өрттөшкөн — өрткө чейин ага курулуш компаниясынан келип «биздин жерден жоголгула, үй курабыз» деп айтып кетишкен.
«Мен ал жерден кетпесем, иттерди жок кылып, үйдү өрттөп кетебиз дешти. Эртеси күнү онго жакын итти мууздап кетишти. Анан калган иттерге уу берип, өлтүрүштү. Алар ыйлап, ары-бери жүгүрүп жатышты – менин колуман эч нерсе келген жок. Эртеси күнү келсем, түтөп жатыптыр», —
деди ал «Клоопко» курган маегинде.
Ошентсе да жаныбарларды коргоочулар кароосуз калган ит-мышыктарды куткарууну токтоткон жок.
«Айрымдар акыркы акчасын стерилизацияга жана дарылоого жумшайт. Иттерди болсо жөн гана атып кетип жатышат. Жада калса, каап же тиштей албаган күчүктөрдү да атып кетип жатат», — дейт дагы бир жаныбарларды коргоочу активист Нурзат. Айрым учурда мыкаачылыктан же ок тийгендиктер иттер өмүр бою шал бойдон каларын айтып кейиди ал.
Жаныбарларды коргоочу Елена Теущакованын айтымында, жолбун иттер аларга жасалган мыкаачылыктан улам агрессивдүү болушат. Ал өзү да жаныбарларга карата терс мамилелеге көп жолу күбө болгон, ошол себептен да ит-мышыктардын жашоо укугу үчүн күрөшүп келет. Учурда ал түптөгөн Кара-Балтадагы убактылуу
баш калкалоочу жайда 48 ит жана 14 мышык жашайт.
Жаныбарларга байналыштуу жагдайды коронавирус пандемиясы да курчутту. Соцтармактарда иттин эти коронавирусту жеңүүгө жардам берет деген маалымат
тарай баштады. Дарыгерлер бул маалыматты төгүндөп, эскертүү бергенине карабай, айрымдар сакайып кетүү максатында жана иммунитетин бекемдөө үчүн жергиликтүү тамактануу жайларынан иттин этин жей башташты.
Кафелерде мурда деле иттин сатышчу. Бир нече жыл мурун иттин этинен мылтыктын огу чыккан. Ошондо «Апрелдин» журналистериит аткандар этин кафелерге тапшырып коерун
аныкталган. «Семиз иттерди дайыма өзүбүзгө калтырабыз», — деген ошондо «Тазалык» муниципалдык ишканасы жалдаган ит атар.