Куруп коюп, унутулат. Бишкектеги жер алды жана үстүндөгү өтмөктөрдүн кемчилиги эмнеде?

21 май 2023
подземка бишкек

Куруп коюп, унутулат. Бишкектеги жер алды жана үстүндөгү өтмөктөрдүн кемчилиги эмнеде?

21 май 2023
Этот материал можно прочитать на русском здесь.

Бишкек шаары боюнча 16 жер алды өтмөгү бар, алардын көпчүлүгү совет доорунда курулган. Ошондон бери бул өтмөктөр өз доорунун талаптарына жооп берген актуалдуулугун жоготуп гана калбастан, шаар чөйрөсүнүн ыңгайсыздыгынын жана шаардын өнүгүшүндө автоунааларга артыкчылык берилгенинин негизги көрсөткүчтөрүнүн бири болуп келет.

Ага карабастан, муниципалитет дагы деле көчөдөн тышкары* өтмөктөрдү куруу – жаңы, жолдордогу коопсуздукту камсыздоочу жана жол тыгыны менен күрөшүү маселесин чечүү үчүн шаарга зарыл болгон чечим деп эсептейт. Андыктан мэрия жаңы өтмөктөрдү курганы жатат.
*Жөө жүргүнчүлөр үчүн көчөдөн тышкары өтмөктөр – бул жер алдындагы жана жер үстүндөгү (эстакадалык) өтмөктөр, ошондой эле башка жолдун үстүнөн кесип өткөн автоунаа же темир жол көпүрөлөрү.
Биз Бишкектеги жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөр кандай абалда экенин, алар шаарды коопсузураак кылабы, борбор калаа жана анын тургундарына жаңы өтмөктөрдүн кереги барбы-жокпу билип көрүүнү чечтик.

Муну үчүн биз Бишкектеги бардык өтмөктөргө (16 жер алдындагы өтмөк жана 2 жер үстүндөгү) күндүзү жана кечинде барып көрдүк. Алардын ар бирин коопсуздугуна, тазалыгына, инфраструктурасына, майыптыгы бар адамдарга, коляска түрткөн ата-энелерге жана кыймылы чектелген тургундарга ылайык келер-келбесине жараша бааладык.

Чогулган маалыматтардын негизинде «Өтмөктөрдүн сапатынын индексин» – аларды шаар тургундары канчалык пайдаланарын эсептеп чыктык. 100% мыкты сапатты жана өтмөктөр такай пайдаланыларын түшүндүрөт, ал эми 0% – минималдуу пайдалануу көрсөткүчү.

Жер алдындагы өтмөктөр

7-апрель жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктүн тепкичинин үзүлүп түшкөн бир плитасында «Өзүңдү сүй» деп жазылып турат. Бул жазуу тургундарды жер алдындагы өтмөккө түшүүдөн абайлоого чакырып жаткандай.
1) Өтмөктүн ичи 2) Качан бир кезде инвентарь сакталган бөлмө 3) Өтмөктүн бир тараптагы чыгуучу жери түз эле темир жолго алып чыгат / Peshcom
Коркунучтуу жер алды өтмөгүндө жарандар үчүн эч кандай шарттар жок – дайыма ным, кир жана караңгы болуп турат. Эгер жамгыр жааган күнү бул өтмөктөн өтүп калсаңыз бул кийимиңиз суу болбошу үчүн атайын тизилген таштардан секирип өтүүгө туура келет. Ал эми өтмөктүн ички бөлүгүндө тешилип, мурда көчө тазалаган кишилер буюмдарын сактаган бөлмөдө азыр кимдир бирөөнү жолуктуруп калуу же кандайдыр бир нерсени таап алуу мүмкүн.

Бул жер алдындагы өтмөк – биз барып көргөн өтмөктөрдүн арасындагы эң начары болду. Изилдөөбүзгө ылайык, бул өтмөк бардык критерийлер боюнча пайдаланууга ылайыксыз болуп чыкты.
Шаардагы башка өтмөктөрдүн абалы да жарытпайт. Ошентип, Манас проспектиси жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктөр бир нече жылдан бери жөө жүргүнчүлөр жана велосипед тепкендер пайдаланышы үчүн ылайыкталбаган бойдон турат. Анткен менен бул өтмөк жакшыртуу жана реконструкциялоо үчүн каражат такай бөлүнүп турган «өкмөттүк» трассада жайгашкан.

Бул өтмөктөрдүн ичи караңгы, ным, ичинде графити сүрөттөр тартылган, ал эми тепкичтери, шыбы жана дубалдары бошоп калган. Андан тышкары, веложол үзүлгөн чыгыш тараптагы өтмөк велосипедчилер жана самокат тепкендер үчүн негизги тоскоолдук.
1) Эстакада астындагы чыгыш бөлүктөгү өтмөктө жарык коюлган эмес 2) Ички бөлүктөгү жарык дайыма эле иштебейт 3) Жер астындагы өтмөк велосипед жолун кесип салат 4) Батыш тараптагы өтмөктүн дубалдары менен шыбы бошоп калган / Peshcom
  • Жалпысынан жер алдындагы 16 өтмөктүн 12синин сапат индекси 50%дык босогодон да ашпайт.
  • Жалпысынан жер алдындагы 16 өтмөктүн 12синин сапат индекси 50%дык босогодон да ашпайт.
Ошол эле учурда, бардык өтмөктөрдүн ичинен болгону экөөнү пайдаланууга жарактуу деп айтууга болот, алар – ЦУМдагы жана Филармониядагы өтмөктөр.
Бул өтмөктөр таза, киши көп, жарык күйүп иштеп турат. Аларда көзөмөл камералары жана социалдык көзөмөлдү камсыздоочу соода-сатык кылган чакан түйүндөр бар, – мисалы, адамдар ал жерде графити сүрөттөрдү тартып же таштанды таштап кете алышпайт, анткени соода кылгандар сынга алып урушуп, же милиция чакырышы да мүмкүн. Бирок, эки өтмөк тең алты жыл мурда реконструкцияланганы менен, алар деле кыймыл-аракети чектелген адамдарга жеткиликтүү эмес.

Жеткиликтүүлүктө кандай көйгөй бар?

Биздин анализге ылайык, бир дагы өтмөк майыптыгы бар адамдар, коляска түрткөн ата-энелер, велосипед тепкендер жана кылмыл-аракети чектелген адамдар пайдалана ала турган абалда эмес.
  • Бардык өтмөктөрдөгү пандустардын жантаюусу жол берилген нормадан төрт-беш эсе ашык. Айрым өтмөктөрдө болсо пандустар таптакыр эле жок.
  • Бардык өтмөктөрдөгү пандустардын жантаюусу жол берилген нормадан төрт-беш эсе ашык. Айрым өтмөктөрдө болсо пандустар таптакыр эле жок.
1) Мамлекеттик каттоо кызматынын маңдайындагы өтмөктө да пандустар жок 2) «Түштүк дарбаза» паркына жакын жердеги өтмөктөгү пандустун жантаюусу нормадан бир нече эсе жогору 3) Чүй / Фучикадагы өтмөктө пандустар жок 4) Чыгыш автовокзалындагы өтмөктөгү пандустун жантаюусу нормадан бир нече эсе жогору / Peshcom
Шаардагы жер алды өтмөктөрүн инклюзивдүүлүк* деңгээлине жараша баалоодо биз көзү жакшы көрбөгөн адамдар үчүн сары түстөгү плитка жана кыймылы чектелген адамдар үчүн электр көтөргүчтөрдүн бар болушун да эске алдык. Аталгандардын экөө тең Бишкекте сейрек кездешет.
*Инклюзивдүүлүк – бардык адамдардын керектөөлөрү жана муктаждыктары эске алынган шарттар
Көзү жакшы көрбөгөн адамдарга багытты табууда жардам бере турган сары плиткаларды болгону эки «эң мыкты» делген өтмөктөн таба алдык – ЦУМдагы жана Филармониядагы. Бирок жадагалса ал жерде да плиткаларды жулуп кетишкен, алардын ордунда клейи гана калган. Ошол эле өтмөктөрдө 2017-жылы реконструкциялангандан кийин орнотулган электр көтөргүчтөрдү таба алдык. Ушунча убакыттан бери алар бир ай дагы иштеген эмес.

Башка көрсөткүчтөрү боюнча кандай?

Өтмөктөрдө тазалык, коопсуздук жана инфраструктура жаатында да бир топ көйгөйлөр бар.

Мисалы, Батыш автовокзалынын жанындагы өтмөк бир караганда жакшы эле жабдылгандай көрүнөт – тепкичтерди бойлото кармагычтар орнотулган, ичинде даараткана жана чакан соода түйүндөрү бар, ал эми кечинде ал түгүл жарык күйүп турат. Бирок, тазалыгы жагынан бул өтмөк эң артта: бул жерде кир, сасык жыт келип турат, ал эми шыбынан суу өтөт.
Батыш автовокзалы жактагы өтмөктүн шыбы
Батыш автовокзалы жактагы өтмөктүн шыбы / Peshcom
16 өтмөктүн жетөөндө суу каптоонун издерин кезиктирдик, ал эми беш өтмөктөн жагымсыз жыт келип турду. Ошол эле учурда болгону үч өтмөктө аба алмашып турушу үчүн атайын түтүктөр же тешикте каралган.

Ушундай эле көрүнүштү Фучика көчөсү жана Чүй проспектисиндеги өтмөктөн да көрүүгө болот. Бул өтмөк таптакыр инклюзивдүү эмес. Андагы жарык түнү гана иштейт – күндүзү кап-караңгы.
Чүй / Фучикадагы өтмөккө күндүзү эки тарабындагы кире беришинен гана жарык түшүп турат
Чүй / Фучикадагы өтмөккө күндүзү эки тарабындагы кире беришинен гана жарык түшүп турат / Peshcom
16 өтмөктүн жетөөндө күндүзү жарык күйбөйт. Түнкү убакта, биз өткөн учурда бардык чырактары иштебесе да, жарык иштеп туруптур. Айрым өтмөктөрдө жарык ушунчалык начар болгондуктан, жакындап келе жаткан кишинин жүзүн көрүүгө мүмкүн эмес эле.

Жөө жүргүнчүлөр үчүн жер үстүндөгү өтмөктөр

Жер үстүндөгү өтмөктүн кир айнегинен карасаң, 7-апрель көчөсүндө бетон аралаштырган унаа шашып баратканынн көрүүгө болот. Унаа өтмөктүн астынан өтүп баратканда өтмөк солкулдай баштайт, жер титирегендей эле туюлат. Бирок башаламан соода кылып жаткан сатуучулар жана бул өтмөктө өзүнө баш паанек тапкан кайыр сураган кишилердей эле өтүп бараткан адамдар да бул нерсеге көңүл деле бурушпайт.

Бишкекте жалпысынан эки жер үстүндөгү өтмөк бар, алар жер алдындагы өтмөктөрдөн айырмаланып, жакында эле курулган – 2017-жылы. Эки өтмөк тең ири базарлардын аймагында курулган – Аламүдүн базары жана «Мадина» базары.

Биз аларга да барып көрдүк.
Жер үстүндөгү өтмөктөрдөгү негизги көйгөй – тазалык. Эки өтмөктү тең чаң баскан – бир караганда эле айнектеги, дубалдагы жана башка нерселердин бетиндеги чаңды байкоого болот. Андан тышкары, эки өтмөккө тең жарнама кагаздар чапталган, бул болсо алардын көрүнүшүн бузуп, клейдин изи кетпей калат. Айрым айнектер сынган – мындан улам жамгыр жааган учурда өтмөктүн ички бөлүгүндө көлчүктөр пайда болот.
1) Аламүдүн базарындагы жер үстүндөгү өтмөктүн курулушу тротуарды тосуп калган. Бул жерден, мисалы коляска менен тоскоолдуксуз өтүү мүмкүн эмес 2) Айнектер чаң жана чапталган жарнама кагаздарынан калган издерге толгон 3) «Мадина» базарындагы жер үстүндөгү өтмөктүн лифтке кирүүчү жайын түрдүү таштандылар тосуп турат 4) «Мадина» базарындагы өтмөктүн ичин соодагерлер ээлеп алышкан / Peshcom
Ошондой эле кыймылы чектелген тургундар үчүн жеткиликтүүлүк да суроо жаратат. Жер үстүндөгү өтмөк ачылып, иштеп баштаган 2017-жылдан бери жеткиликтүүлүк көйгөйүн чечүү үчүн орнотулган лифттер бир дагы жолу иштеген эмес. Бул өтмөктөрдөгү пандустардын жантаюусу нормадан бир нече эсе жогору. Учурда лифттер кулпуланып, түрдүү таштанды менен тосулуп турат.

Жер астында өтмөк болсо эле жол кырсыгы болбой калабы?

Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу шаарда жер алдындагы жана үстүндөгү жаңы өтмөктөрдү куруу үчүн негизги жүйөлөрдүн бири катары айтылат. Андыктан, биз мындай өтмөктөргө жакын жерлерде жол-транспорт кырсыктары канчалык бат-баттан болуп турарын текшерип көрүүнү чечтик.
*Биз маалыматтарды Милициянын патрулдук кызматы жол кырсыктары тууралуу маалыматтарды жүктөгөн 102.kg сайтынан алдык. 2021-жылдын июлунан тарта бул сайт жаңыртылбай калган, азыр болсо таптакыр иштебейт. Мындан улам 2021-жыл боюнча толук маалымат жок.
Бир жарым жылдын ичинде жер алды, жер үстү өтмөктөрүнө жакын жерде катталган жол кырсыгынан жалпы 32 киши жабыркап, 1 киши каза тапкан.


Бул бир жарым жылдын ичинде жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктары көбүнесе Чүй проспектиси жана Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги өтмөккө жакын жерде болгон – 32 кырсыктын 13ү дал ошол жерде болгон.

Биз ошондой эле 2022-жылдагы жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кырсыктары тууралуу маалыматтарды изилдеп чыгып, жер алдындагы же жер үстүндөгү өтмөктөргө жакын жерлерде жөө жүргүнчүлөр катышкан 31 жол кырсыгы болгонун аныктадык. Аларда дагы 32 киши жабыркап, бир киши каза болгон.
Жалпысынан Бишкектин ар кайсыл бөлүгүндө жол кырсыктары болот. Бул ар бир жол кесилишинде жер алдындагы же жер үстүндөгү өтмөк куруу керек дегенди билдиреби?

Жер алдындагы, үстүндөгү өтмөктөр жалган эле коопсуздук сезимин пайда кылат. Жер алды, жер үстүндөгү өтмөктөргө жакын жерде айдоочулар жол жээгинде жөө жүргүнчүлөр чыга калышы мүмкүн деп ойлонушпайт. Бирок жөө жүргүнчүлөр дайыма жолду кесип өтүүнүн эң кыска жана ыңгайлуу ыкмасын тандашат.

Муну билип, мэрия жана патрулдук милиция кызматкерлери жер алдындагы, үстүндөгү өтмөктөргө жакын жерлерде жөө жүргүнчүлөр чуркап өтпөсүн деген үмүттө тосмолорду орнотушкан. Мындай тосмолорду 72% өтмөктөрдүн айланасынан байкай алдык. Бирок бул тосмолор да жер алдындагы өтмөккө түшүүдөн эринген тургундарды токтото албайт.
Адамдар тосмолорду көрүп турса да жер алдындагы өтмөктөн өтүүнү эмес, жолду кесип өтүүнү тандашат. Чүй проспектиси жана Фучик көчөлөрүнүн кесилиши / Peshcom
Муну «Чүй проспектисин кесип өтүү. Жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөрдүн жеткиликтүүлүгү» деген аталыштагы изилдөөдөгү жөө жүргүнчүлөрдүн агымын өлчөгөн өлчөөлөр* да тастыктайт. Мисалы, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги өтмөктөн өткөн жүргүнчүлөрдүн төрттөн бири жолдун аркы бетине өтүү үчүн күндүзү чуркап өтүшкөн, төрттөн үч бөлүгү – түнү чуркап кесип өтүшкөн. Алар жер алдындагы өтмөктү пайдаланбай эле, тосмолор турганына карабай унаа жолго чуркап чыгышкан.
* Өлчөөлөр иш күндөрү саат 12:00дөн 13:00гө чейин жана кечки саат 18:00дөн 19:00 аралыгында жүргүзүлгөн.

Эмне үчүн жер алдындагы жана үстүндөгү өтмөктөр мындай абалда?

Биз шаардагы жер алды жана үстү өтмөктөрүнө ким жооптуу экенин билүүгө аралкет кылып көрдүк. Бул үчүн мэрия жана муниципалдык түзүмдөргө үч жолу расмий сурам кат жибердик.

Мэриянын алдындагы Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинен бардык жер алды, жер үстү өтмөктөрү «Бишкекасфальтсесвистин» (БАС) балансында экенин айтып жооп беришти.
  • Бирок БАС болгону сегиз жер алдындагы өтмөк алардын балансына карай турганын билдиришти. Бир дагы өтмөктү ремонттоо жана тейлөө үчүн мекеменин бюджетинен акча бөлүнгөн эмес. Ошентип, башка өтмөктөргө ким жооп берерин так аныктай алган жокпуз
  • Бирок БАС болгону сегиз жер алдындагы өтмөк алардын балансына карай турганын билдиришти. Бир дагы өтмөктү ремонттоо жана тейлөө үчүн мекеменин бюджетинен акча бөлүнгөн эмес. Ошентип, башка өтмөктөргө ким жооп берерин так аныктай алган жокпуз
Биз ошондой эле «Тазалык» ишканасы шаардагы жер алды жана жер үстү өтмөктөрүн тейлейби-жокпу билип көрүүнү чечтик. Ишканадан алар 18 өтмөктүн ичинен болгону 11 өтмөктөгү таштандыны тазалашарын билдиришти. Калган өтмөктө, алардын маалыматына ылайык, ижарага берилген. Ижарага берилген өтмөктөр: ЦУМдагы, Филармониядагы, Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөк, батыш жана чыгыш автовокзалдарынын жанындагы өтмөктөр, Москва көчөсүндө жайгашкан Улуттук госпиталдын маңдайындагы өтмөк, ошондой эле Манас 16 дарегиндеги (Мамлекеттик каттоо кызматынын тушундагы) өтмөктөр. Алардын тазалыгына ижарага алган тарап жооптуу.

Өтмөктөрдү тазалоо жана тейлөөгө «Тазалыктан» канча каражат бөлүнөт? деген сурообузга бул муниципалитет да жооп бере алган жок.

«Жогоруда айтылган өтмөктөрдү тазалоо, тейлөө жана камсыздоо муниципалдык буйуртма боюнча бекитилген технологиялык карта боюнча жүргүзүлөт. Бул иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык администрациясы буйрутма кылат. Ар бир жер алды же жер үстүндөгү өтмөктө жасалган иштин акысы ар бир тилкедеги иштин көлөмүнө, канча күн кеткенине, эс алуу жана майрам күндөрү аталган аймактарга канча жумушчу тартылганына жараша болот», – деп түшүндүрүштү «Тазалыктан».

Курганы курабыз, бирок андан кийин кам көрбөйбүз

Бишкекте жер алдындагы жана жер үстүндөгү өтмөктөрдүн абалына жана аларды тейлөөгө бир дагы жооптуу тарап жок экенин аныктадык. Ал эми муниципалдык бюджеттен аларга жадагалса каражат да бөлүнбөйт. Ага карабастан, мэрия жана башка мекемелер жаңы өтмөктөрдү кургусу келип жатат.

Ошентип, 2022-жылдын башында Патрулдук милиция жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жана шаарды жол тыгындан арылтуу үчүн 13 жаңы жер алды өтмөгүн курууну сунуштаган.

Анда «Бишкекбашкыархитектура» (ББА) алардын сунушун сынга алган.

«[ББА] шаарда, айрыкча борбордук бөлүгүндө жер алды жана жер үстү өтмөктөрүнүн курулушун жактабайт. Биринчиден, шаар көчөлөрүн автомагистралдарга, көп тилкелүү жолдорго теңөөгө болбойт, автоунааларга эмес, адамдарга артыкчылык берилиши керек. Өзүнчө көчө кесилиштеринде автотранспорт өтө турган мүмкүнчүлүктү бир аз көбөйтүү үчүн жөө жүргүнчүлөр үчүн тоскоолдуктарды жаратуу,аларды жолду кесип өтүү үчүн өйдө көтөрүлүүгө мажбурлоо, кыймылы чектелген адамдардын тобуна өтө албай турган тоскоолдуктарды жаартуу жакшы чечим эмес», – деп билдиришти мекемеден.

Ал жактан шаарды мындай түйшүктүү жана ыңгайсыз курулуштар менен бузбоо керектигин кошумчалашты. Анан калса, жөө жүргүнчүлөр жолду кыскартыш үчүн жолду чуркап кесип өтүшөт, бул болсо жол кырсыгы тобокелдигин жогорулатарын белгилешти мекемеден.

«Куруу жана колдонууга берүү кымбат болгон жер алды жана жер үстү өтмөктөрү аркылуу жөө жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыктарын транспорт каражаттарына курмандыкка чалбоо, шаар чөйрөсүн жана архитектуралык көрүнүшүн бузбоо керек», – деп жыйынтыкташты башкы архитектурадан.
  • Жолдон тышкары өтмөктөрдү куруу же реконструкциялоо чындап эле кымбат турат. Мисалы, 2017-жылы ЦУМ жана Филармониянын жанындагы жер алды өтмөктөрүн реконструкциялоо үчүн дээрлик 60 млн сом жумшалган. Ошол эле учурда иш коррупциясыз жана кемчиликтерсиз болгон эмес.

    Шаардагы жер үстүндөгү өтмөктөрдүн курулушуна болсо 35 миллион сом коротулган.
  • Жолдон тышкары өтмөктөрдү куруу же реконструкциялоо чындап эле кымбат турат. Мисалы, 2017-жылы ЦУМ жана Филармониянын жанындагы жер алды өтмөктөрүн реконструкциялоо үчүн дээрлик 60 млн сом жумшалган. Ошол эле учурда иш коррупциясыз жана кемчиликтерсиз болгон эмес.

    Шаардагы жер үстүндөгү өтмөктөрдүн курулушуна болсо 35 миллион сом коротулган.
Надземный переход возле рынка «‎Мадина»
«Мадина» базарындагы жер үстүндөгү өтмөк / Peshcom


«Бишкекбашкыархитектуранын» сынынан кийин 13 жаңы жер алды өтмөгүн куруу темасы кайра көтөрүлгөн эмес. Бирок, 2022-жылы жайында Бишкектин учурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Милициянын патрулдук кызматы шаарда 13 эмес, эми эки жаңы өтмөк курууну чечишкен – Чүй проспектисинин Шопоков жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде.

Мэрдин бул зор курулуш планын иштеп чыгууга өткөн жайда эле жарым миллион сомдон ашык каражат коротулган. Бирок, долбоор, анын тобокелдиктери жана сметасы бүгүнкү күнгө чейин бир дагы жерде жарыялана элек. Ал эми «Бишкекбашквыархитектура» мурдагы позициясына карабай «борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана шаардын кыймыл көп болгон кесилиштеринде тыгынды азайтуу максатында [...] уруксат кагаздарын берген».

Бирок Бишкекке жаңы жер алды өтмөктөрү керекпи? Көрүнүп тургандай, жок. Дүйнөнүн түрдүү булуң-бурчунда жүргүзүлгөн изилдөөлөр өтмөктөр жөө жүргүнчүлөрдүн, айрыкча аялдардын, улгайган адамдардын жана майыптыгы бар адамдардын жолун бууп, ыңгайсыздык жаратарын көрсөткөн. Мындан улам башка өлкөлөрдө шаардык кызматтар жер алды жана жер үстү өтмөктөрүн пайдалануудан баш тартышууда.

Мисалы, даниялык архитектор жана шаар дизайны боюнча консультант, «Адамдар үчүн шаар» китебинин автору Ян Гейл 2016-жылы коңшу Алматы шаарынын мэриясына тургундарга ыңгайлуу болушу үчүн жер алдындагы өтмөктөрдү кадимки өтмөктөргө алмаштырууну сунуштаган. Ошондон кийин шаардагы жер алдындагы өтмөктөрдүн жанында кадимки «зебраларды» да төшөй башташкан.

Ушунун баарына карабастан Бишкек мэриясы өзүнүн айтканынан калбай келет. «30 жылдын ичинде шаарда бир дагы жаңы жер алдындагы өтмөк курулбаптыр», – деп ачууланган мэр Эмилбек Абдыкадыров дагы да көбүрөөк жөө жүргүнчүлөрдү жер алдына айдап кирүүнү пландоодо.
Материалды даярдагандар: Алексей Журавлев, Айгерим Рыскулбекова, Алтынай Ногойбаева
Дата-редактор: Савия Хасанова
Тексттин редакторлор: Савия Хасанова, Дмитрий Мотинов
Кыргызчалаган: Айпери Хожаева
Материалды даярдагандар: Алексей Журавлев, Айгерим Рыскулбекова, Алтынай Ногойбаева
Дата-редактор: Савия Хасанова
Тексттин редакторлор: Савия Хасанова, Дмитрий Мотинов
Кыргызчалаган: Айпери Хожаева
Бул материал IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Савия Хасанова. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз эле «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Башка материалдар: