Аталган конушка Садыр Жапаров жарым жылдан кийин барып, тургундардын маселесин чечип берүүнү
убадалаган. Бирок, анын айтымында, жаңы конуштарды Бишкектин курамына кошуудан мурда жер тилкелеринин жана документ маселесин жолго коюу керек. Ал үчүн, ансыз да канчалаган жылдар чыдап келген жашоочулар дагы бир-эки жыл
чыдап коюшу керек.
Бишкектин айланасында жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери ондогон калктуу конуштар пайда болгон. Алар барган сайын кеңейип, курулуш обьектилери пайда болуп, оңунан чыкса шаардын бир бөлүгү болуп калат. А бирок суу тартыштыгы же коомдук транспорт көйгөйү жылдан-жылга топтолуп эле келатат.
Peshcom кыймылынын журналисттери Бишкек жаңы конуштардын эсебинен канчалык кеңейгенин жана шаардык инфраструктура бул процесстин артынан канчалык үлгүрүп жатканын изилдеп чыкты.