Самурайдын үйбашчынын сапары.
Өз кирмемден тарта районго чейинки шаар көйгөйлөрүн кантип чечсе болот

Декабрь 2023
Этот материал можно прочитать на русском здесь

Менин атым Рада. Пландарыма кирбесе да, жаңы көчүп барган үйүмдүн жашоочулары мени үйбашчысы кылып шайлап алышты.

«Бул кандай жумуш? Кантип иштейт болду экен? Жаңы көчүп келген үйдөгү көйгөйлөрдү чечүүгө кимдер жардам бере алат?» – бул суроолордун баары мени коркутуп турду.
Башка үйбашчыларынан, шаар кызматкерлеринен, өкмөттүк эмес уюмдар, шаардын активисттери жана ишкерлеринен жооп издедим.

Билген-көргөнүмдү ушул материалда айтып берем. (Алдын ала айтуу: чогулган маалымат үйбашчыларына гана эмес, шаарыбызды жакшыртууга колунан келишинче жардам бергиси келгендердин баарына пайдалуу болот!).
2007-жылы шаар калкы, буунун маалыматы боюнча, дүйнөлүк масштабда биринчи жолу айыл-кыштактардан ашып кетти. 2014-жылы дүйнө калкынын 54% ашуун шаарларда жашаган – бул 3,9 миллиард киши. Шаар тургундарынын саны өсүүдө. БУУнун болжолуна ылайык, 2050-жылга карата планетанын калкынын 66% шаарларда жашайт.

Кыргызстанда 2,5 миллион адам шаарларда жашайт, бул жалпы өлкө калкынын 35%ын түзөт. 2009-жылга салыштырмалуу 2022-жылы шаар калкы 580 миңге көбөйгөн. Ошол эле учурда айылдан шаарга көчкөндөрдүн саны өсүүдө. Ички миграциянын эң популярдуу жери – Бишкек шаары, мында келгиндердин 60%дан ашыгын түзөт.

1990-жылдан 2022-жылга чейин жеке менчик турак жай фондусунун чарчы метринин көлөмү Бишкекте гана 4 эседен ашык өстү. Ошол эле учурда пайдаланууга бериле элек көп кабаттуу үйлөр бул эсептөөлөргө киргизилген эмес.
Быйыл мен шаар четинен көчүп Бишкектен жаңы көп кабаттуу үйдөн батир сатып алдым. Тургундардын көбү менден мурун көчүп келишкен, бирок үйбашчысы жок экен. Кошуналарды жалпы баарлашууда таштанды контейнерлеринин жетишсиздигине байланыштуу, аймакты тазалоо, домофон, жана башка майда маселелерди чечүүгө аракет кылышып, бирок иш сүйлөшүүдөн ары жылбаптыр. Мен үйбашчысын тандайлы деп сунуштадым, бирок жалпы чогулуштарда кошуналар майда нерселерди да чечүүгө макулдаша алган эмес. Анан мен кеңеш үчүн Муниципалдык аймактык башкармалыкка кайрылууну чечтим (MТУ)га*.
* MTУ – бул жериндеги чакан мэрия. Алардын саны Бишкекте 22. Шаардын муниципалдык башкармалыгында, МТУлар биринчи деңгээлде, андан кийин райондук акимдиктер, андан кийин гана мэрия турат. Шаар тургуну акимиатка же мэрияга кайрылса, анын суроосу акыры барып МТУга өткөрүлөт. Ошондуктан, дароо МТУга кайрылуу жакшы - анын кызматкерлери өз районун жакшы билип, баардык суроо-талаптарыңызга тез жооп бере алышат. Бишкектеги баардык МТУ менен байланышуу даректери бул жерде.

Көрсө, МТУлар жашаган аймактын тургундарына жолугушууларды өткөрүүгө жардам берип, анда үй комитети, анын төрагасын (үйбашчысы) жана орун басарын шайлоого жардам берет экен.

МТУнун жетекчиси менен күнүн такташып, үйдүн тургундарын жолугушууга чогулттук. МТУ бизге жооптуу кызматкерин жөнөттү. Ал үй комитетинин шайлоосун өткөрүп, шайлоону жол-жоболоштуруу үчүн зарыл болгон протоколдорду алып келди, жашоочулардын суроолоруна жооп берди.

«Буга чейин биз тил табышып, жыйындарыбызды жөнгө сала турган адам жок болуп, андай адам болгон күнү да аны эч ким уккусу келчү эмес.МТУнун кызматкери келгенде, бардык кошуналар аны кунт коюп угушту. Жолугушуу абдан жакшы жана натыйжалуу өттү. Өзүнүн ишин билген МТУнун кызматкерлери келгенде, жашоочулар да өзүлөрүн башкача алып жүрүшөт экен», — деп түшүндүм.

Үйбашчылары жана үй комитеттери эмне үчүн керек?

Үй комитетин түзүү менен жарандар жана муниципалитеттин байланышынын башталышы. Бул байланыштарсыз шаардын ишинин бир бөлүгү болуу мүмкүн эмес – таштандыларды чыгаруу, пенсионерлерге көмөк алуу, короодогу аймакты же аянтты жакшыртуу, жана башка коомдук маселелерди чечүү.

Үй комитетинин башкы каарманы – үйбашчы*, комитеттин төрагасы. Бул адам тургундардын кызыкчылыгын коргойт. Үй комитетинин курамына активдүү жарандар да кирет, алар үйбашчысы менен кошуналардын өз ара мамилесин түзүп, чечимдерди кабыл алып, башка милдеттерди аткарат.
* Жеке сектордо кварталдык комитет иштейт, аны маала башчысы жетектейт.

Үй/ квартал комитет мүчөлөрүнүн саны так болушу керек: 3төн 9 адамга чейин, буга төрага (үйбашчысы же маала башчысы) жана анын орун басары. Шайлоо жарактуу деп табылыш үчүн жыйынга жашоочулардын 35%ы катышуусу зарыл. Үй комитети 2 жылга шайланат. Уюм жөнүндө көбүрөөк маалыматты жана шайлоолорду өткөрүү, комитеттердин ыйгарым укуктарын жана функцияларын, квартал жана үй комитеттери жөнүндө жободон табууга болот.
Үйбашчылары жана маала башчылары аларга бекитилген аймактын бардык тургундарын таанышы керек. Алар аркылуу МТУ жана шаардын башка кызматтары керектүү маалыматтарды алышат, мисалы, кимге социалдык жөлөкпул төлөнүшү керек. Тургундар үйбашчысынан коммуналдык кызматтардын баасы, алар кайсы мектепке же бейтапканага таандык экенин, балдарды кайсы бакчага берүү керек деген сыяктуу маалыматты ала алышат.
Үйбашчылары жана маал башы шаардык бюджеттен айлык алат: ар бир батирден 16 сомдон, ал эми ар бир жеке үйдөн 18 сомдон. Жакында айлыктар 30%га көтөрүлөт. Бул көп деле акча эмес, бирок бул коомдук иш деп эсептелет - жана негизги ишке кошумча болот.
Кээ бир көп кабаттуу үйлөрдө үйбашынын ишине, үйдүн муктаждыктары үчүн деген «копилкалардан» кошумча төлөнөт. Ага жашоочулар ай сайын акча салып турушат.

«Ай сайын ар бир батирден 300 сомдон чогултабыз. Бул суммадан 100 сом турак жай фондусуна барат. Бизде көчө тазалоочуга, кирмени жууган адам, багбанга, үйбашына эмгек акыны ушул салымдан 200 сомду бөлүштүрөбүз. Ар ким өз ыктыяры менен төлөйт, анткени натыйжасын көрүп жатышат», – дейт үйбашынын бири Мирбек Нарботоев. Жыл сайын анын үйүндөгү салымдын суммасы 50 сомго көбөйөт.

Үйбашы менен маала башынын кызыкчылыгы өзгөчө маанилүү, анткени алар аркылуу МТУ кызматкерлери аймактарды жакшыртуу маселелерин талкуулашы керек. Мисалы, канализацияны төшөө, жолдорду, тротуарларды оңдоо, көчөлөрдү жарыктандыруу, гүл бачаларын уюштуруу. Андан кийин аймактык башкармалыктын кызматкерлери мунун баарын райондук акимиат жана мэрия менен макулдашышат.

«Биз жерлерге барып, кайрылган тургундар менен сүйлөшөбүз. Андан кийин иш планын, башкача айтканда, алдыдагы иштердин негизги тизмесин түзөбүз. [Ар бир MТУда] ал бир жылдын ичинде даярдалып, жогорку органдарга жиберилет. Жыйынтыктооочу тизме жалпы шаар үчүн түзүлөт жана маанилүүлүгүнө жараша жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнөт», – дейт №6 МТУнун жетекчиси Руслан Артыков.

Ал белгилегендей, жашоочулардын өздөрүнүн салымы чоң мааниге ээ: «Тургундар өздөрү бир нече жолу акча чогултуп, суу түтүктөрүн, канализация тармактарын тартышкан, ошентип бул бюджеттик каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берди».
Тарыхый маалымат

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөр Совет бийлигинин орношу менен пайда болгон. Индустриялаштыруунун башында өткөн кылымдын 30-жылдарында бир кабаттуу турак үйлөр пайда болгон. Үйлөр меш менен жылытылган, жалпы ажаткана жана короосунда суу чоргосу бар болчу.

Кийинчерээк «сталинка» деп аталган имараттар пайда болду.Бул бардык инфраструктуралык объектилери менен жана бирдиктүү меш менен жылытылган үйлөр. 60-жылдары гана Фрунзе менен Ошто ТЭЦтин ишке кириши менен алар борборлоштурулган жылытуу жана ысык суу менен камсыз кылына башталды. «Хрущевка» деп аталган комплекстүү үйлөр пайда болду. 70-жылдары 104, 105 жана 106-сериядагы үйлөр курула баштаган. 80-жылдардын аягында эксперименталдык тамдар жана монолиттуу турак-жайлар курулган.

Көп кабаттуу үйлөрдөгү көйгөйлөр мамлекеттик менчиктештирилгенден кийин пайда болгон жана 1990-жылдардын башында муниципалдык турак-жай фондору жоюлган. Ошондон бери мамлекет турак үйлөрдү субсидиялоону токтоткон, бул турак жай фондусунун тездик менен эскиришине алып келди. Мамлекет турак жай секторунда болсо жаңы рыноктук мамилелерге өтүүгө аргасыз болду жана үй ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) аркылуу башкаруунун жаңы ыкмасы кабыл алынды.

Бирок көйгөй эмнеде? Калктын көбү менчик ээси болуп калганын жана ошондой эле үйлөрдү тейлөө үчүн жоопкерчиликти алышаарын түшүнгөн эмес. Буга чейин бул үйлөргө эч кандай тиешеси жок болгон мамлекетке, жарандар үмүтүн уланта беришти.

Ошол эле учурда жаңы законду кабыл алганы менен башкаруунун жаңы формаларын колдоосу болбой, мамлекет тарабынан жамааттык башкаруунун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштери болгон эмес. Менчиктешттрилген үйлөрдү кандай башкарууну билбеген пенсионерлер иштеп калышты.

Өз укуктарын билбеген үй ээлери көп кабаттуу үйлөрдөгү жалпы мүлктөр, мисалы, кургаткычтарды жана жертөлөлөрдү басып алуунун себебинен айрылышты. Батирлер турак эмес жайлар катары өзгөртүлө баштады. Натыйжада турак-жай фондусу 42% үйлөрүн жоготуп, жанаша жайгашкан жер тилкелерин басып алуулар көбөйдү.

Жаңы үйлөрдү курууда да көйгөйлөр көбөйгөн. Мисалы, курулуш компаниялар үйлөрдү 49 жылга убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелерине куруп жатышат. Айрым учурларда — 5 жылга берилген жерлерге деле үй курушат.*

* Кесиптик кайра даярдоо курстарынын студенттери үчүн окуу-методикалык колдонмо «Көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы мүлкүн башкаруу» дисциплинасы боюнча, Бишкек, 2023-ж.

Эмне үчүн тургундар ТСЖ каттоодон өткөрүүсу керек?

Үй комитети өзүнүн үйүнүн жана анын айланасындагы аймактардагы маселелерди өз алдынча чече алат. Бирок жашоочулар кошумча каражат алууну кааласа, мисалы, эгерде жалпы аймактарды ижарага берсе же банктан насыя алса, анда ТСЖни каттоодон өткөрүшүү керек.

Юридикалык жак болмоюнча киреше алуу мүмкүн эмес. ТСЖ пайданы көздөбөйт, бирок киреше турак-жай фондун тейлөөгө жана оңдоого жумшалат. Бул тиешелүү салык салуу менен коммерциялык эмес уюм катары катталат.
ТСЖ түзүү үчүн үй ээлеринин 51% макулдугу талап кылынат. Башкаруучу орган шериктештиктери (төраганы кошкондо 3төн 9 адамга чейин) жыл сайын милдеттүү түрдө жашоочуларга аткарылган иштер жана чыгашалар боюнча отчет бериши керек.
Тургундар ТСЖнын ишине канааттанбаса, жыйын өткөрүшөт — бул үчүн 10% үй ээлеринин демилгеси жетиштүү. Бирок кабыл алынган чечимдер мыйзамдуу болуш үчүн, жыйынга ТСЖ мүчөлөрүнүн жарымынын катышуусу талап кылынат. Муну өткөрүү көбүнчө кыйын, андыктан мыйзам сурамжылоого жол берет.
* ТСЖнын уюштурулушу жана иши тууралуу кененирээк бул жерден окуй аласыз.
Шериктештиктин башкармалыгынан тышкары, ТСЖда салык отчетторун берген бухгалтер болушу керек.
* ТСЖ кандай салыктарды төлөш керек экенин бул жерден (14-тема) тапсаңыз болот.
Үйбашы Мирбек Нарботоевдин айтымында, анын үй комитети азырынча Турак жай ээлеринин шериктештигин катталууну пландай элек, анткени бул «былык» иш. «Айлык жана жылдык отчетторду жүргүзүү үчүн, бухгалтер алышыңыз керек. Бул абдан кымбат жана көп убакытты талап кылат», — дейт Мирбек.

Үйбашы Жумагүл Муканбетова, тескерисинче, ТСЖны "кызыл китеп" алуу үчүн каттаган. «Мен [үйгө] биринчи көчүп келгенде, жаңжал болду, бул жерде мыйзамсыз катталган дүкөндөрүбүз бар. Бул тургундарга жакпады. Биз "кызыл китеп" алгыбыз келген, ал үчүн ТСЖны каттоодон өткөрүш керек болчу[...] ТСЖсыз эле кыла алабыз деп ойлойм. Шериктештиктин салыктары өтө жогору. Албетте,төлөбөй эле койгум келет», — дейт ал.

Үйдө кандай көйгөйлөр пайда болот жана бул боюнча эмне кылса болот?

Көп учурда, үй куруучулар дароо жеке менчикке жаңы курулган үйлөрдүн жертөлөсүн сатышат, жалпы жертөлө багыттагы жайлар. Мындай практика жашоочулар үчүн агымсыз. Себеби үйдө, сиздин муктаждыктарыңыз үчүн жертөлөлөрдү колдонууга мүмкүнчүлүк болушу керек. Бирок жертөлөнүн ээсинин бардык укук документтери бар үчүн, ижарачылар эч нерсе кыла алышпайт.

Кээде тыюу салынган коммерциялык иш-аракеттер жертөлөлөрдө жүргүзүлүп жаткан учурлар бар. Мисалы, тигүү цехтерин, химиялык тазалоочу же коомдук дааратканаларды ачышат. Бирок ал тургай уруксаат берилген бизнес болсо да, анын ээси үйдүн бардык жашоочуларынын макулдугун жазуу жүзүндө кабыл алышы керек.
* Көп кабаттуу үйдүн турак эмес жайларында тыюу салынган иштердин толук тизмеси бул жерден көрүүгө болот.
Бул менин үйүмдө да болгон. Куруучу жертөлөнү тигүү цехинин ээсине саткан. Цехте иштеп жаткан машиналардан чыккан ызы-чуу жана вибрация тургундардын тынчын алган – цех күнү-түнү жана дем алыш күндөрү да иштеген. Сүйлөшүүгө аракет кылганыбызга карабастан ишкерлер, биз менен жолугушууга келишкен жок. Алар, каалаган жериңе арыздан, – деп кол шилтеп коюшту..

Мен кайрадан МТУга кайрылдым — бул жолу мыйзамсыз өндүрүшкө чара көрүү өтүнүчү менен.

Менин кайрылуумдан кийин башкармалыктан комиссия жөнөтүлүп, алар цехтин ишин текшерди. Көрсө, алар мыйзам бузууларга батып калган – салыктарды төлөшпөйт, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабайт жана тигүү цехин документтерде «кеңсе» деп көрсөтүлгөн. Комиссия акт түзүп, бузууларды жоюу жөнүндө буйрук чыгарган.

Биз, үйдүн жашоочулары, өз кезегинде цехтин жетекчилерине цехтен чыккан үн изоляциясын коюңуз деп талап кылганбыз. Алар баш тарткан учурда, мыйзам боюнча цех имаратты бошотууга тийиш. Бул процесс тез эмес, бул үчүн дайыма MTУ менен байланышта болуш керек.
Батирлерди соода, тейлөө же өндүрүш үчүн пайдалануу да мыйзам бузуу болуп саналат. Мындай учурларда тартип бузгандарга 5500 сом айып салынат жана 13000 сом юридикалык жак айып төлөйт. Эгерде батирде мейманкана уюштурулса, айып 17000 сомго чейин көбөйөт. Бардык бузуулардын тизмесин Укук бузуулар кодекстин 16-бөлүгүн караңыз.
Эгерде бөлмөнүн ээси тартип бузууну жойбосо, сот батир сатууга чечим чыгарышы мүмкүн.

Тургундар өздөрү да эрежелерди сакташы керек – өз убагында төлөмдү төлөө керек. Үйдү тейлөө, кирмелердин жана тегерек-четтердин тазалыгына көз салуу, болбосо аларга да айып салынат.

Муниципалитет үйбашы жана маала башын каржылоодо кандай жардам берет?

Үй жана кварталдык комитеттер мэриянын Шаарды өнүктүрүү агенттиги тарабынан берилген «дем берүүчү грантка»* кайрыла алышат.
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар – бул бюджеттен бөлүнгөн каражаттар. Шаарларды өнүктүрүү үчүн жергиликтүү жамааттарга сынактык негизде кошумча каржылоо түрүндө берилет. Башкача айтканда, талапкерлер адегенде керектүү сумманын бир бөлүгүн табышы керек – 30 50%ге чейин.
Үйбашы Жумагүл Муканбетова 2023-жылы кирмени оңдоого стимгрант утуп алганын билдирди. «Грант 30 пайыздан 70 пайызга чейин болду, башкача айтканда [жумуштун] 30ун биз төлөшүбүз керек болчу. Бул сумма мүчөлүк акыдан жыйналган».

Мирбек Нарботоевдин үйү 50 миң сом өлчөмүндөгү үлүш грантын утуп алды. Бул суммага аянтчага бак-дарактарды отургузуп, сугат системасын орнотушту.

Маала башы Майрам Турсуматова Ак-Ордо конушундагы үйлөрдүн номурлары жана көчөлөрдүн аталыштары жазылган такталарды жасоо үчүн бул грантты колдонду.
* Дем берүүчү гранттар аркылуу долбоорлорду, тандоо жана каржылоо жөнүндө кененирээк маалыматты бул жерден таап билиңиз. Стимгранттары боюнча кеңеш алуу үчүн сиз өзүңүз MTУ менен байланышсаңыз болот.
Ошондой эле, жыл сайын мэрия тарабынан акчалай сыйлыктар «Мыкты короо» жана «Мыкты квартал» деп берилет. Эң мыкты короо эки категорияда аныкталат, алар 1991-жылга чейин жана 1991-жылдан кийин курулган үйлөр арасында. 2023-жылы жалпы мелдештер үчүн байге фонду 760 миң сомду түздү.

Мэриянын административдик-аймактык реформасы

Шаарды өнүктүрүү агенттиги (АРГ) үй жана кварталдык комитеттер менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртууну пландаштырууда. Учурда административдик-аймакта реформа жүрүп жатат – МТУларды жана акимиаттарды шаардык кеңештерге бириктирсе болот. Пилоттук долбоор болуп Свердлов району буга чейин ишке киргизилген. Эгер ал ийгиликтүү болсо, анда 2024-жылы 22 MTУ жана төрт акимияттын ордуна 12 шаардык башкаруу пайда болот. 80-100 миң калк бир шаардык башкаруу болуп эсептелинет.

«Азыркы административдик система жашоочулардын бардык көйгөйлөрүн МТУ деңгээлинде чечүүгө мүмкүндүк бербейт», – дейт Жеңишбек Осмоналиев, шаарды өнүктүрүү Агенттигинин алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башкы адиси. Шаар бийлигинде бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн керектүү адистердин саны жана өз бюджети болот. Турак-жай-коммуналдык чарба жана тартип бузуучуларга жаза чараларын колдоно турган инспекция да болот».

Шаар башкармалыктары бирдиктүү терезе принцибинде иштешет – ал аркылуу департамент мэриянын бардык кызматтары менен өз ара аракеттенүү байланышта болот. Ушундай жол менен бир жерде тургундар бардык көйгөйлөрдү чече алышат.

Шаардык депутаттар кандай жардам бере алат?

Бишкек шаардык кеңештин (БГК) депутаттарынын ишмердүүлүгү экиге бөлүнөт: 1 – мыйзам чыгаруу, анда алар шаарды өздөштүүрү үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгышат жана 2 – алар шайлоочулары менен иштерди жүргүзүшөт.

Ар бир тургун өз округундагы депутат менен байланыша алат. Ар бир райондо ар бир фракциядан бирден депутат иштешет. Алар акимиаттарда* жарандарды кабыл алышат. Азыр шаардык кеңеште 6 фракциядан 45 депутат бар.
* Акимиаттардын даректери жана байланыштары менен мэриянын сайтынан таанышууга болот.
БГК депутаттары* шайлоочулардын укуктарын коргоп, аларга жардам бериши керек, жашоочулар чече албаган маселелер менен шаардык кызматтарга кайрылышат. «Көбүнчө жарандар алардын маселеси чечилбей жатса акимчиликке, мэрияга кайрылышууда. Мамлекеттик кызматчылар тургундардын маселесин чечпей созгондо, жарандар депутаттарга кайрылышат. Ал эми депутаттар коргоочу катары иш алып барышат», - дейт кеңештин басма сөз катчысы Мээрим Керимканова.

Керимканованын айтымында, депутаттар айлык алышпайт жана аларга бюджеттен акча жумшалбайт. «Алардын бизнеси бар жана шаарга салым кошууну каалаган жетиштүү адамдар. Жардамчыларына айлыктарын, өздөрү төлөшөт алардын кызмат унаалары жок. Алардын жогото турган эч нерсеси жок».

Тургундун кайрылуусунан кийин депутат жумушчу жыйынга чогулуп, жетекчилерди чакырат шаардык кызматтарга кайрылып, көйгөй эмне үчүн чечилбей жатканын жана ал кантип жардам бере аларын билет.

Басма сөз катчынын айтымында, депутат менен түз байланышуу логикага туура келбейт, анткени MTУ тарабынан оңой чечиле турган маселелер бар. Эгерде МТУга, акимчиликке жана мэрияга кайрылгандан кийин, маселе чечилбесе, депутатка кайрылса болот. Эгерде депутат маселени өз алдынча чече албаса, анда ал өзүнүн фракциялаштарын тартат: алар фракциялык сапарга чыгышат. Жооптуу вице-мэрди чакырып, тапшырма беришет.

Маала башы Майрам Турсуматова, алардын депутаты той аземдерди жана сөөк коюларды өткөрүү үчүн боз үй алып бергенин айтат. Буга чейин аны Ак-Ордо конушунун жашоочулары күнүнө 4 миң сомго ижарага алышкан. Эми миң сом берип, кандайдыр бир бузулган учурга аманатка таштап кетишет да, боз үйдү бекер пайдалана алышат.

Жумагүл Муканбетованын үйүнө, жергиликтүү депутат балдар аянтчасына акча таап берген. Мындан тышкары, ал үзгүлтүксүз кедей-кембагалдарга жардам берет, жаңы жылга балдарга белектерди берет, 1-июнда майрамдарды уюштурат.
Сиздин райондун депутаттарын кантип билсе болот?

Биринчиси – бул шайлоодо активдүү болуу, депутаттардын шайлоо программаларын үйрөнүү, жана добуш берүү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 4 жылда бир өткөрүлөт. Кийинки шайлоо 2025-жылы болот.

Экинчиси- Бишкек шаардык кеңешинин кабылдамасында билсе болот.

2023-жылдын ноябрына карата БГК депутаттарынын учурдагы тизмесин бул жерден тапса болот.

Эгерде сиз үйбашы же маала башы болбосоңуз, өзүңүздүн аймакты жакшырта аласызбы?

Ооба! Районуңуздун өнүгүшүнө салым кошуу үчүн үйбашы же маала башы болуунун кажети жок.

Туңгуч кичи районунун тургуну Чынара Сапарова жашаган жерине сугат системасын тартты. Бул үчүн ал АКШ элчилигинен грант алууга жетишкен. Мындай грант Америкада окуу программаларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн коюлган талаптарга жооп берет.

«Биздин аймактын өсүмдүктөрү суунун жетишсиздигинен куурап калган. Биздин районго жакын Чоң Чүй каналы (БЧК) өтөт, бирок сугат системасы бузулгандыктан суу биздин короолорго жеткен жок. Суу жайылып, арыктарды бойлоп өтпөстөн, бүт жерлерди каптаган», – дейт Чынара.

Чынара үйбашы менен көйгөйлүү аймактардын тизмесин түзгөн. Карталар боюнча адис түзүп, бул маалыматтарды санариптештирип, МТУнун тургундарына жана кызматкерлерине сунуштады. Шаардыктар менен бирге суу маселесин чечүү жолдорун талкуулашты. Чынара жана башка активдүү тургундар жооптуу шаардык кызматтар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташты. Натыйжада, грант акча сугат арыктарына лоток жана шлюздар сатылып алынган. Ал эми «Бишкекасфальтсервис» аларга орнотууга жардам берди.

Жалпысынан бул долбоорду ишке ашырууга дээрлик бир жыл убакыт кетти. Бул тууралуу МТУдагылар Чынарага 10 жылга жакын чечилбей келген маселени чечүүгө жетишкендигин айтышты.

Кыздын айтымында, үйбашы жыйынтыкка ыраазы болушкан. «Долбоор оңой болгон жок. Үйбашынын ишенимине жана урматына ээ болуу керек эле. Күмөн санагандар да болду. Бирок алардын бир нечесинин колдоосунун аркасында биз баштаган ишибизди аягына чыгардык», – деп бөлүштү Чынара.

Эми Чынара Сапарова Туңгучтун ички жолдорун жакшыртууга кайра каражат тапкысы келип жатат.

Назик Мамасадыкова жана анын иниси Элдар Ак-Ордо конушунда көчөсүн көрктөндүрүүнү каалашкан. Башында алар кошуналар эмнени каалайт деп алардын колдоосун алууну чечишти. Бул үчүн алар үйлөрүнө барып, баарын жолугушууга чакырышты. Жалпы жыйында 24 үйдүн жашоочулары көчөнү жашылдандыруудан баштоону чечишти. «Биз, бак-дарак отургузулса, буга кайсы үйлөр кошулат, кимдер колдойт, ким аларга кам көрөт, деп талкууладык. Ал эми иним да бактарды караганга даяр экенин айтты», – деп эскерет Назик.

Шаардык кызматтар кызды чаташтырышкан. «Квартал мени МТУга, ал жактан Бишкекзеленхозго жөнөтүштү. Ошол жерден кайрадан МТУга кайрышты, алар муну кварталдык кызматкер чечиши керек дешти», – дейт.

Бир нече шаардык кызматтар менен сүйлөшүүлөрдөн кийин бул аймак үйгө тийиштүү экенин белгилүү болду. Бак-дарактарды үйгө жанаша отургузуу үчүн мэриядан уруксат алуу таптакыр кажети жок экен. «Эгер ал коомдук жай болсо, уруксат керек болмок жана бак-дарактарды Бишкекзеленхоздун балансына өткөрүп бериш керек болчу», – деп түшүндүрөт Назик.

Анын айтымында, малаа башы көчөт отургузууга каршы эмес болчу, бирок жолду оңдоо учурунда кыйып салышаарын белгиледи. Бирок тургундарга ал жол иштеринин планын көрсөтүшө элек болчу. «Бардык деңгээлде мындай ишти каалашпайт деген ой пайда болду, бирок биз алардан эч нерсе сураган жокпузда», – деди Назик ачууланып.

Жыйынтыгында турак жайдын тургундары 80 түп бак-дарактарды отургузушту – катальпа, церцис жана жазында кооз гүлдөгөн сирень. Көчө боюнча каражат чогултулду. Көчөттөр үчүн кара топуракка 18 миң сомго жакын каражат жумшалган. Коңшулар көчөт отургузууну Ноорузга арнап, бирге майрамдаштык – көчөдө чогуу палоо даярдап, үйлөрдөн таттууларды алып келдик.

Жагымсыз окуяга карабастан, Назик мүмкүн болушунча жыйынтыкка ыраазы себеби отургузулган бактарга кам көрүүчү жамааттык бирикмеси түзүлдү. Түзүлгөн чатта кошуналар дагы эле жаңы демилгелерди активдүү талкуулашат жана бири-бирине колдоо көрсөтүшөт. Эми Назик жашаган жериндеги кароосуз калган аймакта коомдук бакча курууга каражат таабуну пландоодо.

Шаардын жашоосуна катышуу үчүн шаардыктарга жаңы программа

2023-жылдын октябрь айынан тарта бишкектиктер шаардык бюджеттин жардамы менен өздөрүнүн демилгелерин ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алышты. Бул үчүн, сиз «Ачык Бишкек» планга кирүү үчүн арыз беришиңиз керек – муну каалаган жаран же жарандардын бирикмелери жасай алышат.

Сунушталган долбоор бир жылдын ичинде ишке ашырылып, алар темалардын бирине ылайык келиши керек: жеке сектор, медиа жана телекоммуникация, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана тамактануу, таза суу жана санитария, инфраструктура жана транспорт, кен казып алуу өнөр жайы, экология айлана-чөйрөнү климаты, жерди жана аймактык пландоону, илимий технологияларды, мамлекеттик кызматтар, юстиция, мыйзам чыгаруу, коомдук коопсуздук.

Арыздар онлайн түрүндө берилет жана 6 адамдан турган комиссия тарабынан каралат, алардын үчөө мэриянын кызматкерлери, дагы үчөө жарандык коомдун өкүлдөрү болуп добуш берүү менен шайланды. Ишке ашыруу үчүн комиссия шаардык бюджеттен каражат бөлүнө турган үч долбоорду тандап алат. Программанын уюштуруучуларынын айтымында, арыз ээси да өзүнүн долбоору үчүн кошумча каражат таба алат.

Биринчи арыздар 2023-жылдын 15-ноябрына чейин чогултулган. Бул пилоттук мезгилден кийин 2024-жылы шаарды өнүктүрүү агенттиги аны туруктуу негизинде улантууну пландаштырууда.
* Биргелешкен аракеттер планына өзүңүздүн демилгеңизди кантип киргизүү керектиги тууралуу маалымат «Ачык Бишкек» ушул жерде.

Бейөкмөт уюмдар тургундарга кандай жардам беришет?

Ишкерлер шаарды жакшырта алабы?

Албетте! Жергиликтүү компаниялардын бири Эркиндик саябанында зонаны түзгөн интеллектуалдык үстөл оюндары — шахмат жана тогуз-коргоол боюнча 18 стол орнотулду. Белгилей кетчү нерсе, шаар мейкиндиктерин жакшыртууда адатта көңүл бурулбаган улгайган адамдарга, аянтча популярдуу болуп калды.

Бишкектеги мейманканалардын бири ээн калган аймакты пайда кылды, болжол менен 800 чарчы метр аянтын түзөт. Анда, Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинен негизделген коомдук мейкиндик мурал менен толукталган. Бул жерге жакын жайгашкан мектеп окуучуларына жаккан жайга айланган.

Эгер сиз ири бизнес болсоңуз, анда сиз шаардагы долбоорлордун бирине инвестициялай аласыз. Алар шаарды өнүктүрүү агенттиги тарабынан иштелип чыккан. Инвестициялык долбоорлор менен бул жерден таанышсаныз болот.

Эпилогдун ордуна

Мен жүргүзгөн бул материал, чоң изилдөөмдүн натыйжасы болду. Үйбашы катары жана мендей жөнөкөй шаардык жараан шаардын өнүгүшүнө кандай салым кошо алам, аларга кандай куралдар бар экенин түшүндүм. Тургундар менен сүйлөшкөндө алар үйлөрдү башкарууну жаңыдан баштаганда, маалымат жетишсиз экенин белгилешти.

Шаар тургуну Назик Мамасадыкованы шаардык кызматкерлер башын айлантып эле так жооп бере алган жок - акыры ал өз коркунучу жана тобокелдиги менен иш-аракет кылган. Маала башы Майрам Турсуматова «өзү билгендей кылды», ага эч ким жардам берген жок. Үйбашы Жумагүл Муканбетовага жакшы болду — ага мурдагы ТСЖ төрагасы болгон бухгалтери тарабынан жардам берилди.

Үйбашы жана маала башы үчүн бирден-бир маалымат булагы MTУ болуп саналат. Кээде тигил же бул маселелер боюнча чогулуштарды өткөрүшүп, райондук WhatsApp топтору, ар кандай маалыматтарды жөнөтүшөт. Бирок мэрия тарабынан жаштарды үйлөрдүн жана район иштерине активдүү кошулушуна, билим беруу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерине көңүл бурбай жатат.

Мен өзүмдүн МТУда жетекчиси менен иштешкениме бактылуу болдум — анын иш графигине карабастан, ал менин көйгөйлөрүмдү чечүү үчүн же алардын өзүнүн кызматкерине тапшыруу үчүн убакыт талап кылынды. Бирок бул үчүн мен ага бир нече жолу кайрылууга аргасыз болдум, адамдарга эскертүү салуу, кеңсеге жеке келүү - өзүмдүн жумушум бар экенине карабастан, бул убакытты, күчтү талап кылат жана абдан чарчатат.

Менин материалым башкаларга маселени чечкенге түрткү берет деп ишенем. Менин кичинекей үйбашы катары тажрыйбам, бардык иштерди, процесстерди өзүнө эле камтуу зарыл эмес экенин көрсөттү. Чогулушуп көп маанилүү суроолорду чечсек болот.Ал үчүн үй комитетин, активдүү жашоочуларды — алар демилгелери менен бири бирибизге жардамашып, чогуу чечимдерди кабыл алыш керек.
Коротко об исследовании в нашем видео
Материалды даярдаган: Рада Валентина кызы
Редактору: Алексей Журавлев
Сүрөттөр: Лекс Титованыкы
Кыргыз тилине которгон: Айнагүл Сардарбекова
Кыргыз текстинин редактору: Асель Джоокаева
Видео: Азат Рузиев
Материалды даярдаган: Рада Валентина кызы
Редактору: Алексей Журавлев
Сүрөттөр: Лекс Титованыкы
Кыргыз тилине которгон: Айнагүл Сардарбекова
Кыргыз текстинин редактору: Асель Джоокаева
Видео: Азат Рузиев
Долбоор MoveGreen экологиялык уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырылган. Федералдык каражат Роза Люксембург Фондунун демөөрчүлүгү астында Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү министрлиги тарабынан каржыланат. Материал үчүн автор толугу менен өз жоопкерчилигине алат, андагы айтылган көз караш ФРЛ позициясы менен дал келбеши мүмкүн.

Башка материалдар: