Дүйнөнүн ар башка шаарларында жол кырсыктарын азайтууга инфраструктуралык реформалар аркылуу киришүүнү 1990-жылдары эле башташкан. Ошол кезде Швецияда
Vision Zero («Адам өлүмү болбошу керек») программасы пайда болгон. Бул программа — жолдогу адам өлүмүн таптакыр болтурбоо жөнүндө. Программанын негизги баалуулугу — адам өмүрү.
Программа жолдо адам өлүмүн жана оор травмаларды болтурбоого багытталган транспорт чөйрөсүн пайда кылууну
көздөйт. Бул үчүн Vision Zero'нун алкагында шаардын көчөлөрүндө унаа ылдамдыгына чектөө коюлуп, коопсуз инфраструктура пайда болуп жана коопсуз транспорт каражаттарын колдонуу жайылтылат.
Мисалы, программанын принциптеринин бири — «жол кыймылынын катышуучуларын инфраструктуралык бөлүштүрүү жана аларды көзөмөлдөө» — жөө адамдар, велосипед, автомобиль жана коомдук транспорт колдонгондор эске алынып, ары-бери каттоодо коопсуздугу сакталышы керек.
Же болбосо, «жол чөйрөсүнүн жөнөкөйлүгү» — керек болсо жаш балдар дагы ички туюму менен түшүнүп ала турган жол чөйрөсүн курууну шарттайт.
Аны менен катар, Vision Zero программасынын негизги постулаты — бул «адамдар деле жаңылат» дегенди моюнга алуу. «Унааны деле идеалдуу роботтор эмес, кадимки адамдар башкарат. Ошондуктан жол инфрастуруктурасы катачылыктарды эске алып, адамдар инфраструктурага ылайыкташпай, анын баары адамга ылайыктуу болушу керек. Ката кетиргени үчүн жол адамдын өмүрүн албашы керек, бирок кесепеттерин жеңилдетиши керек», — деп
түшүндүрдү жол кыймылын уюштуруу боюнча адис, казакстандык Азиза Таласпаева.
Бул концепцияны Борбор Азияда биринчилерден болуп Казакстандын урбанисттери
жайылтышкан. Ал эми 2019-жылы Алматы шаарынын мэриясы ага олуттуу
көңүл бура баштаган. Ушундан кийин шаарда коопсуздук аралчалары пайда болуп, тротуар кысыктары салынып, автожолдон башка атайын веложол салынып, ылдамдыкты саатына 40-60 км эмес, 30-50гө
азайтышкан.
«Адам өлүмү болбошу керек» стратегиясы жана ал үчүн зарыл мыйзамдарды көзөмөлдөө Алматы шаарын 2025-жылга чейин өнүктүрүү программасында дагы
эске алынган.